Толбухин Фёдор Иванович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
(Айырма жок)

28 февраль 2017, саат 12:34 учурдагы нуска

Толбухин Фёдор Иванович (16. 6. 1894, Россия империясы, Ярослав губерниясы, Андроники кыш. - 17. 10. 1949, Москва) - Советтик Союз. Маршалы (1944), Советтик Союз. Баатыры (1965, өлгөндөн кийин).

Жогорку командачылар курамынын курсун (1927, 1930), Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1934) бүтүргөн. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда (1914) аскерге чакырылып, 1915-жылдан Түштүк-Батыш фронтунда рота, батальонго командалык кылган. Жарандык согушта Түндүк жана Батыш фронтунун аткычтар дивизиясынын командиринин кенже жардамчысы болуп, Кронштадт козголонун (1921) басууга, ак финндерге каршы согуштарга катышкан. Аткычтар корпусунда штаб начальниги (1934-37), Украинадагы аткычтар дивизиясынын командири (1937-38), Закавказье аскер округунда штаб начальниги (1938-41), Закавказье (1941), Кавказ (1941-42), Крым фронтторунун (1942) штаб начальниги. Сталинград аскер округунда аскер командачысынын орун басары (май-июль 1942), Сталинград фронтунда 57-армиянын (1942-43), Түндүк-Батыш фронтунда 68-армиянын (февраль-март, 1943). Түштүк (20. 10. 1943-жылдан 4-Украин фронту) жана З-Украина фронтторунун командачысы (март, 1943-май, 1944). Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны бошотууга катышкан. 1943 ж. сентябрдан Болгарияда Союздук контроль комиссиясынын төрагасы, Румыния менен Болгарияда турган Түштүк аскер бөлүгүнүн башкы командачысы, 1947-жылдан Закавказье аскер округунун командачысы. СССР Жогорку Советинин II чакырылышынын (194649) депутаты. 2 Ленин, Жениш, 2 Кызыл Жылдыз, Ыйык Анна, Ыйык Станислав ордендери менен сыйланган. Югославиянын Элдик Баатыры, Болгар Эл Респ-нын Баатыры (өлгөндөн кийин).

Колдонулган адабияттар

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4