Метаболизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14...
+ link
 
17-сап:
[[Кальций]] жаныбарлардан чыккан күлдүн негизги бөлүгү, себеби сөөктүн курамына кирет. Кальцийдин иондору клетканын мембранасынын өтүмдүүлүгүн жогорулатат. Магний [[организм|организмдин]] терморегуляциясына катышат. Фосфор сөөк менен тиш ткандарынын негизги заты жана нуклеотиддердин компоненти. Хлор анион катары [[организм|организмде]]ги осмос басымын жөндөп турат. Күкүрт белокту түзгөн амин к-талардын курамына кирет.
 
Микроэлементтерден: марганец [[организм|организмде]]ги ферменттик системаларды активдештирет, жаныбарлардын тукум берүүсүндө чоң мааниге ээ. Марганец жетишсиз болсо, сөөк пайда кылуу процесси төмөндөйт. Ошондой эле жумурткалардын сырткы кабыгынын бекемдиги азаят. Жез кан эритроциттеринин пайда болуусуна катышат. Цинк [[Рибонуклеин кислоталары|РНК]] татаал белогунун синтезин күчөтөт. Йод тироксин менен триодитронин гормондорунун синтезине катышат, демек [[организм|организмде]]ги зат алмашууну иреттейт. Кобальт [[витамини В12]] ([[кобаламин]]) курамына кирет.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
 
[[Категория: Биология]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Метаболизм" булагынан алынды