Кара-Көл кою: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Кара-Көл кою '''– куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Кара-көл коюукою – байыркы порода. Борбордук Азия эли жергиликтүү койду улам тандоо жолу менен чыгарган. Негизинен көрпө алуу үчүн багылат. Кара-көл коюу кум чөлдүү ысык шартка байымдуу келип, жыл бою жайытта асыралат. Козусунун өңү кара (80%), боз, күрөң, сур түстө болуп, улам чоңойгон сайын жүнү кубарып, башы, шыйрагы кара бойдон калат. Жаңы туулган козуларынын жүнү тармал болуп, чоңойгондо жанып кетет. Кочкорлору чагарак мүйүздүү, соолугу токол. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 55–75 кг, соолугунуку 45–50 кг. Жүнүнүн узундугу 30 смге чейин жетет. Жылына эки жолу кыркылып, кочкорунан 3,5–3,8 кг, соолугунан 2,0–2,2 кг жүн алынат. Жүнүнөн кездеме жана килем токулат. Асыл тукум Кара-көл коюу азыр Украина, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстанда, ошондой эле Афганстанда, Иранда асыралат.
[[Категория:Жаныбарлар]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Жаныбарлар]]
[[Категория:Мал чарбасы]]