Гелиотpоп: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Heliotropium peruvianum.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Heliotropium peruvianum.jpg|thumb|''Heliotropium peruvianum''.]]
'''Гелиотpоп''' - ({{lang-la|Heliotropium}}, [[L.]] 1753) эндиктер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Анын 220 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө 22 түрү таралган. Тоонун күнгөй бетине, курулуштун тегерегине, кээде айдоого чыгат. Гүлү майда, бурулча топгүлгө чогулган, желекчеси ак же сыякөк. Ийилген машактуу гелиотроп кеңири таралган бир жылдык отоо чөп. Бийикт. 20-40 (100) см. Кургакчылыкка чыдамдуу, дан эгиндери, гозо, зыгыр, беде жана башка айдалган бардык аянтта кездешет. Апрелде өнүп чыгат, уругу августта бышат. Бир түп гелиотропто 3-4 миң урук болот. Айрым түрлөрү (мисалы, уругу түктүү гелиотроп, европа гелиотропу) уулуу, циноглоссин, гелиотрин жана лизокарпин алкалоиддери бар. Гелиотроптон ууккан малдын былжыр челдери саргайып, териси кургайт, жем жебейт, 7-15 күндөн кийин ичине суу толуп, денеси тырышып, башы, моюну калтырайт; канаттуулардын алы кетип, уйку басат, чычкактайт, ичинен кан өтөт. Каршы күрөшүү чаралары: коңтормону учурунда айдоо, отоо чөптөрдү гүлдөй электе жок кылуу, дан өсүмдүктөрүнө 2,4-Д гербицидин чачуу.
[[Категория:Биология]]
 
[[Категория:Өсүмдүктөр]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:БиологияӨсүмдүктөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гелиотpоп" булагынан алынды