Геоботаника: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14...
1-сап:
[[Файл:Australian Vegetation.png|thumb]]
'''Геоботаника '''([[грек тили|гр.]] ge - жер жана botane – чөп, өсүмдүк) – [[фитоценология]] жер бетиндеги [[өсүмдүктөр|өсүмдүктөрдү]] , алардын жамаатташтыгынын жыйындысын же фитоценозду изилдөөчү илим. Өсүмдүктөрдү флористикалык изилдөөдө алардын түрүнө, законченемдүүлүгүнө көңүл бөлүнөт. Мында [[өсүмдүк]] менен чөйрөнүн (климат, топурак жана башка) байланыштуулугун аныктабай туруп, [[фитоценоз|фитоценоздун]] пайда болушун, түзүлүшүн, таралышын, өнүгүшүн билүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан Г. илими [[География|географиялык]] жана [[өсүмдүк]] экологиясы менен тыгыз байланышта өнүгөт. Г. термининин [[География|географиялык]] факторлорго жараша өсүмдүктүн жаралышын жана абалын иликтөөчү бот. илим жыйындысы катары белгилөө үчүн нем. ботаниги А. Гризебах 1866-ж. сунуш кылган. Г. – [[өсүмдүк]] менен жер кыртышынын байланышын изилдөөчү илим катары эсептелет. Ал [[өсүмдүк]] топторунун түрдүк курамын, тик жана горизонталдык бөлүнүүдө түрлөр арасындагы сандык катыштарын, өсүмдүктөрдүн чөйрө менен жана өз ара байланыштарын, жана түрдүк [[популяция|популяциялардын]] жаш курагы, курамын башкача атйканда Г. [[фитоценоз|фитоценоздорду]] класстарга ажыратуу принциптерин да иштеп чыгат. Г-нын практикалык мааниси чоң, андан токой, жайыт шалбаа, саз жана башка илимий тармактар бөлүнүп чыккан. Аянттарды эсепке алууда жана аныктоодо, табигый өсүмдүктөрдүн азыктуулугун тактап жакшыртууда Г-нын практикалык мааниси чоң. [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] Г. изилдөөлөр КР УИАнын [[Биология]] топурак таануу институтунда жана жогорку окуу жайлардын кафедраларында жүргүзүлөт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
 
[[Категория: Биология]]
[[Категория:Ботаника‎]]
[[Категория: БиологияГеография]]