Эйнштейн коэффициенти: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 10:56 учурдагы соңку нуска

Эйнштейн коэффициенти ⎯ нурлантуучу кванттык өтүштөрдүн ыктымалдыгын мүнөздөөчү чоңдук.

Фотондор жөнүндөгү түшүнүктүн негизинде атомдордун жана молекулалардын нур чыгаруу жана жутуу теориясын кароодо А. Эйнштейн 1916-ж. киргизген. Ал биринчи жолу аргасыздан нурлануунун болушу жөнүндөгү идеяны айткан. Спонтандык нур чыгаруунун (к. Спонтандык нурлануу), жутуунун жана аргасыздан нур чыгаруунун ыктымалдыктары тиешелүү түрдө Аki, Вik жана Вki коэффициенттери менен мүнөздөлөт (индекстер энергиянын жогорку εk жана төмөнкү εi деңгээлдери арасындагы өтүштүн багытын көрсөтөт). Эйнштейн бир эле убакта Планк нурлануу законунун алынышын заттардын теңсалмактуулугун жана нурлануусун кароо менен берген жана Эйнштейн коэффициенти арасындагы катыштарды алган (к. Жылуулук нурлануусу).

Колдонулган адабияттар түзөтүү