Эки нерсе маселеси: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 10:57 учурдагы соңку нуска

Эки нерсе маселеси – Ньютондун тартылуу закону боюнча тартылуучу эки нерсенин кыймылын аныктоочу асман механикасынын айрым маселеси.

Жалпы учурда өз ара аракеттешүүчү нерселердин түзүлүшүнүн бир тектүү эместигин жана кыймылдын дүүлүгүүсүнүн түрдүүлүгүн эске алса, анда Эки нерсе маселеси чектүү чыгарылышка ээ. Мындай чыгарылыштагы кыймыл Кеплер кыймылы деп аталат. Кеплер кыймылы башталгыч шарттарга байланышкан тартылуу талаасында нерсенин траекториясы айлана же эллипс, парабола же гипербола жана акырында нерселердин массаларынын борборлорун туташтыруучу түз сызык түрүндө болот. Күн системасындагы планеталар бири бирине таасир этишкендиктен планетанын чыныгы траекториясы жөнөкөй аналитикалык формула менен аныкталбайт. Ошондуктан Эки нерсе маселесинде көбүнчө жакындаштырылган сандар методдору пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү