Электр-акустикалык өзгөрткүч: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 10:57 учурдагы соңку нуска

Электр-акустикалык өзгөрткүч – чөйрөдөгү электр-магниттик энергияны серпилгич толкундун энергиясына жана тескерисинче өзгөртүүчү түзүлүш.

Өзгөртүүнүн багытына карата Электр-акустикалык өзгөрткүч нурланткычка жана кабылдагычка айырмаланат. Электр-акустикалык өзгөрткүч байланыш техникасында жана үндү чыгарууда нурлантуу, кабыл алуу үчүн, ультратехникада, гидроакустикада жана акустикалык электроникада серпилгич толкундарды өлчөө жана кабыл алуу үчүн кеңири колдонулат. Сызыктуу Электр-акустикалык өзгөрткүч кеңири таралган. Көпчүлүк Электр-акустикалык өзгөрткүч энергияны механикалык жана механика-акустикалык жол менен өзгөртөт. Биринчисинде өзгөрткүчкө кетчү электр энергиясынын бөлүгү кээ бир механикалык системанын термелүү энергиясына өтөт, экинчисинде чөйрөдөгү механикалык системанын термелүүсү үн талаасын пайда кылат. Механикалык термелүү системасы болбогон Электр-акустикалык өзгөрткүчтөр да бар. Алар чөйрөдө түздөн түз термелүүнү жаратат, мис., электр-учкун нурланткычы. Бул нурланткыч кайталангыс жана сейрек колдонулат. Электр-акустикалык өзгөрткүчтүн өзгөчө классына үн басымынын аракетинде сезгич элементинин электр каршылыгынын өзгөрүшүнө негизделген үн кабыл алгычы кирет. Электр-акустикалык өзгөрткүчтүн термелүүчү механикалык системасынын милдетине өзөк, пластинка, түрдүү формадагы катмарча, өтө татаал конфигурациядагы механикалык системалар кирет. Көлөмү боюнча бөлүштүрүлгөн күчтүн таасиринде системада пайда болуучу термелүү ылдамдыгы менен деформациясы өз учурунда жеткиликтүү татаал бөлүнүшкө ээ. Электр-акустикалык өзгөрткүчтүн касиети кабылданыштагы анын куру жүрүү vkm = =V/r режиминдеги сезгичтиги жана ички каршылыгы zэл менен мүнөздөлөт. Жыштыктуу көзкарандылыгынын түрү боюнча кең тилкелүү жана резонанстуу кабылдагычка айрымаланат. Электр-акустикалык өзгөрткүчтүн конструкциясы анын арналышына жана колдонулушуна өзгөчө көзкаранды болгондуктан, ар түрдүү жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү