Электрондук нур осциллографы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 10:59 учурдагы соңку нуска

Электрондук нур осциллографы – эки же бир нече электрдик чоңдуктардын же электр параметрине айландырылган башка ар кандай физикалык чондуктар арасындагы функциялык байланыштарды байкоочу, өлчөөчү курал.

Параметрлердин сигналдары электрон-нур түтүгүнүн өз ара перпендикуляр болгон эки пластинкасына берилет да, график түрүндө куралдын экранынан көрүнөт жана өлчөнөт, сүрөткө тартылат. Электрондук нур осциллографы универсалдуу, эстеп калуучу, стробоскопиялык, өтө тездик менен иштөөчү ж.б. болуп бөлүнүшөт. Универсалдуу Электрондук нур осциллографтары көп максаттар үчүн колдонулат, параметрлери кеңири интервалда жатат. Эстеп калуучу Электрондук нур осциллографында зарядды жыйнап сактап калуучу электрон-нур түтүгү болот да сигналдын сүрөттөлүшүн узакка сактап калат. Ошондуктан көп кайталанбоочу процесстерди изилдөө үчүн өтө ыңгайлуу болуп эсептелет. Стробоскопиялык Электрондук нур осциллографы өтө тез кайталануучу, мезгилдүү сигналдарды жазып калууда колдонулат, б. а. ал тез өзгөрүүчү сигналдардын көз ирмемдеги маанилерин жазып калат. Өтө тездикте иштөөчү Электрондук нур осциллографы мезгилдүү өзгөрүүчү процесстерди гана эмес, бир эле жолу өтө тез өтүүчү процессти изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Телекөрсөтүү сигналдарын, жогорку чыңалуудагы сигналдарды изилдөө үчүн башка атайын Электрондук нур осциллографтары колдонулат.

Ад.: Физический энциклопедический словарь.– М.:1984.

Колдонулган адабияттар түзөтүү