Электр-оптика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 11:01 учурдагы соңку нуска

Электр-оптика – заттардын оптикалык касиетине электр талаасынын тийгизген таасирин изилдөөчү физиканын бөлүмү.

Негизинен Электр-оптикага Штарк кубулушу (күчтүү электр талаасында жайгашкан заттардан чыккан спектр сызыктарынын ажыроосу), Керр кубулушу (бир тектүү электр талаасында жарык нуруна перпендикуляр коюлган заттардагы жарык нурунун кош сынуусунун пайда болушу), коллоиддердеги Электр-оптикалык кубулуш (электр талаасында жайгашкан коллоиддик эритмелерде ар түрдүү оптикалык анизотропиянын пайда болушу) кирет.

Лазердин пайда болушу оптикалык жыштыктагы электр талаасында көп Электр-оптикалык атомдор менен молекулалардын поляризациялануусунун өзгөрүшүнө байланышкан эффекттерди байкоого алып келди. Оптикалык жыштыктагы Электр-оптикалык кубулуштардын резонанстуулугу Электр-оптиканын мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп эсептелет.

Оптикалык нур менен башкарылуучу түзүлүштөрдү (модуляторлор, рефлекторлор, оптикалык фазалуу торчолорду) жасоодо Электр-оптикалык кубулуш кеңири пйдаланылат. О. э. Электр-оптикалык кубулуш оптикалык индикаторлорду түзүүдө, Штарк эффектиси боюнча плазмадагы талаанын чыңалышын аныктоодо, заттардын түзүлүшүн изилдөөдө, молекулалардагы, эритмелердеги, кристаллдардагы кубулуштарды изилдөөдө колдонулат. Сызыктуу эмес оптикада да чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү