Электр сыйымдуулугу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 11:01 учурдагы соңку нуска

Электр сыйымдуулугу ⎯ өткөргүчтүн заряддалган бөлүкчө-лөрдү кармап туруу жөндөмүн мүнөздөөчү чоңдук.

Ал С тамгасы менен белгиленет. Өткөргүчтө кармалып турган электр зарядынын (q) анын потенциалына (ϕ) болгон катышы менен аныкталат: С=q/ϕ. Ал өткөргүчтүн геоме-триялык өлчөмү, формасы жана чөйрө-нүн электр касиеттери (диэлектриктик өткөрүмдүүлүк) менен аныкталып, өткөргүчтүн материалынын тегине көзкаранды болбойт. СИдеги бирдиги фарада (Ф). Тажрыйбада 1 мкФ =10-6Ф, 1нФ=10-9Ф, 1пФ=10-12Ф колдонулат. СГС системасындагы бирдиги 1 см: 1Ф = 9·1011см.

Колдонулган адабияттар түзөтүү