Эсептөөнү баштоо системасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 11:03 учурдагы соңку нуска

Эсептөөнү баштоо системасы механикада – бир нерсе менен байланыштагы сааттардын жана координаталар системасынын жыйындысы.

Бул нерсеге салыштырмалуу кандайдыр бир материалдык чекиттердин жана нерселердин кыймылы (же теңсалмактуу абалы) изилденет. Мис., Айдын кыймылы Жер же Күн менен жылдыздарга карата гана аныкталат. Тандалып алынган Эсептөөнү баштоо системасына карата нерсенин же материалдык чекиттин кыймылы математикалык теңдемелер түрүндө берилет. Алардын жардамында t убакыттын өтүшү менен Эсептөөнү баштоо системасында нерсенин (чекиттин) абалын аныктоочу координаталардын кандай өзгөрөрү аныкталат. Мис., x, y, z декарттык координаталарында чекиттин кыймылы – кыймыл теңдемелери: x=f1(t), y=f2(t), z=f3(t ) менен аныкталат. Эсептөөнү баштоо системасы изилдөөнүн максатына ылайык тандалат. Кинематикалык изилдөө-лөрдө бардык Эсептөөнү баштоо системасылары тең укуктуу. Динамикалык маселелерде эсептөөнү баштоонун инерциялык системасы алгылыктуу ролго ээ, анткени бул учурда пайда болгон кыймылдын дифференциалдык теңдемелери эң жөнөкөй түргө ээ болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү