Эселенген жылдыздар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 11:03 учурдагы соңку нуска

Эселенген жылдыздар – кош жылдыздар сыяктуу эле үч, төрт жана андан көп компоненттерден (айрым жылдыздар) турган жылдыздар системасы.

Жылдыздар системасы 10 компонентке жеткендери Эселенген жылдыздар, компоненти 10дон ашкан жылдыздар системасы жылдыз топтошуулары деп жылдыздар астраномиясында кабыл алынган. Эселенген жылдыздар оптикалык жана физикалык жылдыздар болуп да бөлүнөт. Физикалык Эселенген жылдыздардын жалпы оордук борбору ошол оордук борборунун тегерегинде айланышат жана жылдыз чоңдуктары да түрдүүчө болот. Мисал катары алты эселенген a эгиз жылдызынын аймагындагы эселенген жылдыздын эки негизги компонентинин ортосундагы аралык 2//ны түзүп, АО спектрлик класска бирөөнүн жылдыз чоңдугу 2m, экинчисинин 2, m09 жылдыз чоңдугуна барабар болуп, айлануу мезгили 4000 ж. түзгөн. Ошол эле жылдыздын үчүнчү компоненти негизги компоненттен 7//лык бурчтук аралыкта жайгашып МО спектрлик класска ээ болуп, жылдыз чоңдугу 9, m0 жылдыз чоңдукту түзгөн. Эселенген жылдыздар катарына θ, Орион (негизги компонент) жылдызынын аймагында жайгашкан алты эселенген жылдызды келтирсек, андагы негизги жылдыздар арасындагы аралык 11000 а.б-ти түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү