Ядро энергиясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
(Айырма жок)

13 март 2017, саат 11:05 учурдагы соңку нуска

Ядро энергиясы, атом энергиясы – атом ядросунун ядро реакциялары учурунда бөлүнүп чыгуучу ички энергия.

Ал ядро түзүүчү нуклондордун кыймылы жана өз ара аракеттешүүсү менен байланышкан. Ядро энергиясы ядролук айлануу учурунда өзгөрөт. Ядро энергиясы оор ядролордун уланма реакциясынын натыйжасындагы бөлүнүүсүндө жана жеңил ядролордун термоядролук реакциялары учурунда синтездөөдөн алынат. Кулон барьери болгондуктан, ядролук синтез реакциялары бөлүкчөлөрдүн өтө жогору энергияларында гана, б.а. чөйрөнүн өтө жогору температурасында өнүгө алат. Алар жылдыздардын энергиясынын булактары. Жер шартында эки дейтрондун (бөлүнүп чыккан энергия ~1 МэВ/нуклон) жана дейтрон менен тритондун (бөлүнүп чыккан энергия 3,5 МэВ//нуклон) синтези ишке ашырылган. 235U ажыроо реакцияларында бөлүнүп чыккан Я. э. 0,86 МэВ/нуклон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү