Хроматин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Chromatin Structures ru.png
+ link Нуклеосома
 
1-сап:
[[Файл:Chromatin Structures ru.png|thumb|upright=1.4|[[Дезоксирибонуклеин кислотасы|ДНК]] => [[хромосома|хромосомалар]]. ]]
'''Хроматин''' ([[грек тили|гр.]] chroma, chromatos - өң, боек) - [[эукариот|эукариоттордун]] клеткаларынын хромосомаларын түзүүчү нуклеопротеиддик жипчелер. Бул термин 1980-ж. В. Флемминг тарабынан киргизилген. Цитол-да, Х. - клеткалык циклдин интерфазасында [[хромосома|хромосомалардын]] майдалануусун, ажырашын түшүндүрөт. Х-дин негизги структуралык компоненттери: [[Дезоксирибонуклеин кислотасы|ДНК]] (30-45 %), гистондор (30-50 %) жана гистондук эмес белоктор (4-33 %). Электрондук микросүрөттөрдө, Х. диаметри 10 ''нм'' жакын, нуклеосомдук бөлүктөрдөн "тизилген" шуруну элестетет. Х-дин организациясынын жогорку түзүлүшү (хромосомалар) гистондук эмес белоктордон "ок скелетине" бекитилүүчү илгичтердин пайда болушунун эсебинен, күчтүү спиралданышкан [[Нуклеосома|нуклеосомдордон]] - Х-дин эң жөнөкөй жипчелеринин ирээттүү бир тутамынан пайда болот. Бул процесске гистондор, металлдардын иондору жана башка катышат. Активдүү жана активсиз Х-дер баарынан мурда жана курамынын айырмачылыктары жана Х-дин структуралык алмашуулары (эң башкысы упаковканын тыгыздыгы) боюнча айырмаланышат. Х-дин бул типтери нуклеосомдук организациясы боюнча да айырмаланышат.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Хроматин" булагынан алынды