Өзгөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м Reverted edits by 185.66.253.165 (talk) to last revision by 89.237.232.65
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
64-сап:
шаар өсүп чыккан. Өзгөн шаары тууралуу алгачкы маалыматтар 9–10-к. араб, фарсы тилдеринде жазылган даректерден
белгилүү. Бул мезгилде ал чоңдугу боюнча [[Фергана]] өрөөнүндөгү төртүнчү (Аксыкен, Куба, Оштон кийинки)
калаа болгон. 10-к-дын 30-жылдарында Ө-дө кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн; алгачкы тыйын акчалар
чыгарылган. 11-к-дын 2-жарымынан 13-к-га чейин [[Караханийлер мамлекети|Караханийлер]] мамлекетиндеги Фергана дубанынын борбору
болгон. 10–12-к. шаардын аянты 12–15 км<sup>2</sup>ге жеткен. Моңгол жапырыгына чейин Өзгөндөн көптөгөн
окумуштуулар чыккан, алар «ал-Узженди» ныспасын алышкан. Аксак Темирдин тушунда бул шаар
баштагыдай эле соода жайларында саясий борбор боюнча кала берген. Кийин ири саясий ж-а акимдик борбор катары маанисин жогото баштаган. Орто кылымдардын акырында шаардын аймагы бир кыйла кичирейип, чакан
шаарга айланган. 19-к-дын башында [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгына]] өткөн. Кыргызстан Россиянын курамына киргенден
кийин Анжиян уездине карап калган. 1924-жылдан [[Ош уезди|Ош округундагы]] Өзгөн болушунун, 1928-жылдан Өзгөн районунун борбору. Архитектуралык эстеликтер бар.
“Өзгөн” деп аталып калышы Жазы дарыясына байланыштуу. Алгач Жазыкент деп аталып, кийинчерээк Жазкент, Язкенд, Язкен, Өзгөн деген аталыш келип чыккан. Бул жөнүндө маалыматты "Мажму-ат-Таварихтен” тапсак болот.
<еref>А.А. Асанканов, ''Кыргыз тарыхы: Энциклопедия'', Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5</ref>
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Өзгөн" булагынан алынды