Токой: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м blg1replsum1 |
+ Forest on San Juan Island.jpg |
||
1-сап:
[[Файл:Forest on San Juan Island.jpg|thumb|Токой.]]
'''Токой''' – жер бетиндеги [[өсүмдүк]] дүйнөсүнүн негизги типтеринин бири; негизинен бир же бир нече түрдөгү дарак, бадал өсүмдүктөрүнөн туруп, белгилүү аймакты ээлейт. Т-до дарак, бадалдан башка түрдүү чөп, мамык чөп, эңилчек жана башка да өсөт. Ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу (бир тектүү же аралаш) күбүлмө, жалбырактуу жана дайыма жашыл Т-го бөлүнөт. Т. көптөгөн куштар менен жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсү; жыгач, химия, тамак-аш; фармацевтика өнөр жайда жана башка тармактарга сырьё берет. Жер бетиндеги биомассанын 90 % Т-до топтолгон. Топурак жана ным сактоодо мааниси зор, биосферанын туруктуу болушунун негизги факторлорунун бири. Ошондуктан Т-ду коргоо, жаңыртуу жана башка камкордуктар чоң мааниге ээ. Туташ өскөн Т. дүйнөдө 3000 млндой га жерди же жер шарындагы кургактыктын 24 %ин ээлейт. Т-гу жыгачтын дүйнөлүк запасы 360 млрд. м3. Дүйнөдө Т-дон жылына 2 млрд. м3 жыгач даярдалып, 20 миң түрдүү буюм жасалат. [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] жалпы Т. аянттары биригип мамлекеттик Т. фондусун түзөт; анда дарактын 433, бадалдын 950 түрү өсөт.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
[[Категория:
[[Категория:Экология]]
|