Кыргыз тилинин азыркы абалы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Reverted edits by 37.218.165.122 (talk) to last revision by 89.237.197.176
83-сап:
КТРда 8-февралдагы "Замана" берүүсүндө үбөлүктү рекламалап жатып, камырдын жоон же ичке жайылышы тууралуу кеп болуп жатат. Бул жерде одоно ката кетип калды. Кыргыз тилинде орустун "толстый" жана "тонкий" деген сөздөрү 4 сөз менен которулат. Жумуру нерселерди "жоон" же "ичке" дейбиз, ал эми жалпак нерселерди "калың" же "жука" дейбиз. Кыргыз тилинин байлыгын туура колдонолу.<br>
 
Эми, биздин «чоңдорубуз» колдонууга киргизип таштап, биз баш тарта албай келе жаткан айрым терминдерге токтололу. Мисалы, «губернатор», «мэр» терминдери. Россиянын артынан ээрчүүнүн дагы чеги барго. Эч ким бизди мааниси «сатрап» дегенди билдирген, кыргыз элин 1916-жылы кыргынга учураткан орус падышасын эстетип турган «губернатор» деген сөздү киргизип алгыла деп мидеттендиргенмилдеттендирген эмес чыгар. Кошуналарыбыз колдонуп жаткан «аким» терминин эмнеге колдонбойбуз? Область дебей эле, элибиз илгертен колдонуп келген «дуван» терминин эмнеге албайбыз? Тиешелүү башкаруу мекемелерин дуван, район же шаар акимчилиги десек, жетекчилерин дуван акими, район акими, шаар акими, айыл акими десек эмне жаман угулабы? Батыштын ар кандай нерсесине келиндей жүгүнүү – биздин айыкпаган оорубуз окшойт. Балким, аймактык реформалар жүргүзүлсө, "губернатор" термини өзү эле жок болуп кетер. «Мэр», «департамент» деп койсок эле баары өзүнөн-өзү өзгөрүп калчудай көрөбүз. Менимче, адегенде мекеменин же уюмдун, кайсы бир кубулуштун атын эмес, затын өзгөртүү керек болсо керек.<br>
 
Макул, бул көрүнүштү «эми мурда орун алып калыптыр, атааңдын көрү, өзгөртө албай жатпайбызбы» - деп коёлу.<br>