Жер чукуурлар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Blarina carolinensis
1-сап:
[[File:Southern short-tailed shrew.jpg|thumb|''Blarina carolinensis''.]]
 
'''Жер чукуурлар''' (Soricidae) – курт-кумурска жечүлөр түркүмүнүн тукуму. [[Чычкан|Чычканга]] окшош, жүнү баркыттай, буту кыска, башы чоң, тумшугу узун, тиштеринин учу күрөң. Дүйнө фаунасындагы сүт эмүүчүлөрдүн эң кичине өкүлдөрү (кидик ак тиш жана эң кичине күрөң тиш) кирет. Дене узундугу 3,5–18 см. Куйругу 1–12 см. Денесинин капталында жана чатында жыты бар суюктук бөлүп чыгаруучу без жайгашкан. Жер чукуурлардын жер жүзүндө 25, КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусу, Кыргызстанда 3 уруусунун 4 түрү бар. Суткасына өзүнүн салмагынан 2–2,5 эсе көп зыяндуу курт-кумурска жана алардын личинкасы менен азыктангандыктан, жер чукуурлар токой жана айыл чарбага чоң пайда келтирет.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Алдашев, Абдулхай Алдашевич|А. А. Алдашев]]. [[Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү]]. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1
 
[[Категория:Жаныбарлар]]