Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги''' (КМШ) – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттерди..." |
Flag_of_the_CIS.svg + CIS Map.png |
||
1-сап:
[[Файл:Flag of the CIS.svg|thumb]]
'''Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги''' (КМШ) – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын жана келишимдеринин негизинде түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги 1991-жылы 8-декабрда [[Минск]] шаарына жакын жердеги [[Беловеж]] токоюнда СССРдин курамындагы Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларусь Республикаларынын Президенттери кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартында СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген.<br> Ошол эле жылы 21-декабрда [[Алматы]] шаарында жогорку 3 мамлекет менен дагы 9 мамлекет – Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, [[Молдова]], [[Өзбекстан]], [[Тажикстан]], [[Түркмөнстан]] биригишип, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түзүлгөндүгү жөнүндөгү келишимге кол коюшуп, [[декларация]] кабыл алышкан. Ошентип, СССР жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М.С.Горбачев, 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары жана принциптери төмөнкүдөй аныкталат: Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер тарабынан түзүлгөн келишимдерде макулдашылган тартипте паритеттик (теңдик) принцип боюнча ишке ашырылат эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр боюнча бириккен командалык жана ядролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же [[бейтарап]] мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый менен мамиле кылышат; Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алышат. Көз карандасыз мамлекеттердин шериктештигинин негизги кеңешүүчү жана [[координациялык]] органдары – шериктеш мамлекет башчыларынын кеңеши, өкмөт башчыларынын кеңеши, секретариаты, мамлекеттер аралык экономикалык комитет, экономикалык, сот, мамлекеттердин [[парламент]] аралык [[ассамблеясы]], коргоо министринин кеңеши, тышкы иштер министрлеринин кеңеши, космос боюнча мамлекеттер аралык кеңеш, коллективдүү коопсуздук келишими жана башка коомдук турмуштун чөйрөлөрүн камтыган уставдык органдар, уюмдар болуп саналат.<br> Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин өлкөлөрүнүн кээ бирөөлөрү өздөрүнчө бир кыйла тыгыз, терең байланышкан союз түзүүгө да аракет кылып жатышат. Мисалы: Россия, Белоруссия, [[Казакстан]], Кыргызстан биргелешип бажыкана союзун түзүштү. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги дагы Орто Азия республикаларынын да өз ара байланыштары өнүгүүдө.<br>▼
[[Файл:CIS Map.png|thumb|КМШ (2015).]]
'''Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги''' (КМШ) – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын жана келишимдеринин негизинде түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги 1991-жылы 8-декабрда [[Минск]] шаарына жакын жердеги [[Беловеж]] токоюнда СССРдин курамындагы Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларусь Республикаларынын Президенттери кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартында СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген.
▲
==Колдонулган адабият==
* “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
* “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
* “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
* “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
* “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”
==Интернеттик шилтемелер==
[[Category:
[[Category:
[[Category:
[[Category:
[[Category:Илим]]
|