Батыш Казакстан облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Файл:Kzk-zap.gif
1-сап:
[[Файл:Kzk-zap.gif|thumb|Батыш Казакстан облусу]]
'''Батыш Казакстан облусу''' - (1962-96-ж. Урал облусу) [[Казакстан Республикасы|Казакстан Республикасында]]. 1932-ж. 10-мартта уюшулган. Аянты 151,3 миң км<sup>2</sup>. Калкы 617,6 миң (1999). Борбору Уральск ш. Шаар калкы 41%. Ири шаарлары: Уральск, Аксай. Облуста 12 администрациялык район, 2 шаар, 4 шаарча бар. Басымдуу бөлүгү Каспий ойдуңунда жайгашкан; түндүгүн Жалпы Сырттын тармактары (бийиктиги 263 м ге чейин) ээлейт. Аймагында негизинен кумдуу жалдар менен ойдуңдар (абсолюттук бийиктиги 45-65 м ден ашпайт) айкалышып жатат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -11°...-14°С (кээде -40°С ге чейин төмөндөйт), июлдуку 22-25°С (40°С ге чейин көтөрүлөт). Жылдык жаан-чачыны 190-350 мм. Ири дарыясы Урал''.'' Облуста 140тан ашык көл бар. Кара жана каштан топурактуу, айрым жерлерин шор баскан. Дүйүм чөп-дан өсүмдүктүү жана ак кылкан-бетегелүү талаа, шыбак-дан өсүмдүктүү жарымчөл басымдуу. Облус нефть жана газга (газ-конденсат) бай; ошондой эле калий, магний туздары, курулуш материалдары казылып алынат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу, металл иштетүү, тамак-аш, жеңил, булгаары-буткийим, баалуу тери ашатуу, балык ж. б. Айыл чарбасы негизинен буудай, арпа эгүүгө жана эт-сүт багытындагы мал асыроого багытталган. Кой, бодо мал, жылкы багылат. Негизги автомобиль жолдору Уральск Атырау, Уральск Ак төбө, Уральск Оренбург. Казакстандын ири шаарлары, ошондой эле чет мамлекеттердин айрым шаарлары менен аба катнашы бар.
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4