Ябалаха, Мар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with ''''Ябалаха, Мар''' (1317-ж. өлгөн) – несториан динин туткан кечил. Кытайда туулган. Улуту уйгур; өз аты М...'
(Айырма жок)

22 сентябрь 2009, саат 08:29 учурдагы нуска

Ябалаха, Мар (1317-ж. өлгөн) – несториан динин туткан кечил. Кытайда туулган. Улуту уйгур; өз аты Маркос. 1278-ж. Маркос өзүнүн досу Барсаума деген ханбалыктык (пекиндик) уйгур жигит м-н бирге несториандардын ыйык шаары Иерусалимге зыярат кылууга жөнөгөн. Ханбалыктан таңгуттардын жери аркылуу Кашкарга ж-а Таласка (бул жерди Хайду хан бийлеп турган), андан соң Хорасан м-н Азербайжанга (борбору – Марага шаары), Арбела м-н Аниге өтүшкөн; жолдо каракчылардан Иерусалимге өтө алышпай, кайра артка кайтышкан. Марага шаарында несториандардын чиркөө башчысы («мар») Маркоско «Ябалаха» деген диний ысым берип, Түндүк Кытайдагы нестоирандардын саны митрополити кылып дайындоону чечет. Көп узабай Багдад шаарында чиркөө башчысы каза болгодон кийин анын ордуна моңгол, кытай ж-а түркий тилдерин жакшы билген бүткүл несториандардын башчысы («мар») болуп дайындалган. Белгисиз автор Ябалаханын ж-а анын досу Барсауманын диний сирия тилинде «Мар Ябалаха Шнүн жана раббан Сауманын тарыхы» аттуу чыгарма жазган. 1958-ж. Бул тарыхый эмгек орусчага которулган.