Зат алмашуу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
зат алмашуу
мNo edit summary
1-сап:
'''Зат алмашуу''' - [[Организм|организмде]] бардык биохимиялык процесстердин жыйындысы. З.а. организмдин өсүп-өнүшүн, өзүн-өзү сактоосун жана жаратуусун камсыз кылат. З. а-да организм айлана-чөйрөдөн түрдүү заттарды сиңирип, аларды өзгөртүп өз затына айлантат (ассимиляция процесси). Ушул эле убакта ассимилляцияга тескери диссимиляция процесси жүрүп, организм клеткаларындагы заттар ажырап, анын орду жаңы химиялык заттар менен толукталат. З. а-да витамин, ауксин, фермент, гормон, фотосинтез, гумордук факторлор чоң роль ойнойт. Жагымсыз шарттар З.а-нун бир калыпта жүрүшүнө тоскоол болуп, организмди жарым жартылай же толук өлүмгө учуратат. Жерде жашаган түрдүү организмдердеги З.а. процесстери бири менен өз ара байланыштуу. Малдын организиминде курчап турган чөйрөдөн тоют менен белок, углевод, май, витамин, минералдык туз, суу, кычкылтекти кабыл алып, акыркы азыктары – көмүр к-сы, суу, аммиак, жана мочевинаны бөлүп чыгарат. Мында ассимиляция жана диссимиляция процесстеринин бири бирине катышы малдардын жашына, физиологиялык абалы жана өөрчүү стадиясына жараша болот. организмдин сырткы чөйрөдөн кабыл алган затына жараша З. а. белок, май, углевод, суу жана минералдык алмашуу болуп бөлүнөт.
 
Белок алмашуу – малдын организимине тоют менен келип, ичеги-карында ферменттер, ичеги-карын зилинин (пепсин, трипсин) таасиринен пептид жана амин к-тасына ажырайт. Ажыраган заттар канга сиңип, ткандарга тарайт, белокту синтездейт. Белок акыркы продуктулар – амин к-тасы, аммиак, көмүр кычкыл газ жана сууга ажырап, сыртка бөлүнүп чыгат.
11-сап:
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
 
{{no iwiki}}
[[Категория: Биология]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Зат_алмашуу" булагынан алынды