Зыгыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Doukhobor Shirt and Flax Comb - Royal BC Museum - Victoria BC - Canada.jpg
м + 4 links
1-сап:
[[Файл:Linum pubescens.jpg|thumb|upright|''Linum pubescens''.]]
[[Файл:Doukhobor Shirt and Flax Comb - Royal BC Museum - Victoria BC - Canada.jpg|thumb|upright|[[Зыгыр буласы]].]]
'''Зыгыр''' ({{lang-la|Linum}}, [[L.]] 1753) зыгырлар тукумундагы бир же көп жылдык чөп жана бадал уруусу. 230дай түрү бар. Негизинен субтропикте жана мелүүн алкакта өсөт. Була жана үрөн алуу үчүн негизинен зыгырдын эгилме түрү өстүрүлөт. Ал 5 топко бөлүнөт: шыңга зыгыр, орто зыгыр, сабактама зыгыр, уругу дандуу зыгыр, төшөлмө зыгыр. Булардын ичинен шыңга зыгыр менен май зыгыр кеңири таралган. Шыңга зыгыр жалгыз сабактуу бир жылдык өсүмдүк; сөңгөк тамырлуу. Сабагы цилиндр сымал, өңү саргыч, бийиктиги 70-125 см, жоондугу 0,8-2 мм. Сабагында 15-35% була, уругунда 40%ке чейин май болот. Жалбырагы сапсыз, гүлү көгүш, чанда ак же кызгылт. Мөмөсү чанак (10 урук болот). 1000 уругунун салм. 3,5-6,6 г. Вегетация мезгили 75-90 күн. Күн бүркөк кезде, 15-18°С температурада жакшы өсөт. [[Польша]], [[Франция]], [[Румыния]], [[Болгария]], Аргентинада, Балтика боюндагы өлкөлөрдө, РФ, Украина жана Беларуссиянын кара топурактуу тилкелеринде эгилүүчү 20дан ашуун сорту бар. Илдеттери: фузариоз, дат, полпспороз ж. б., зыянкечтери: 3ыгырбүргөсү, зыгыр данчысы ж. б. Май алынуучу зыгыр бир жылдык өсүмдүк. Тамыры жакшы өөрчүгөн. Сабагы бутактанып өсөт, бийиктиги 20-70 см. Жалбырагы, гүлү, топ гүлү жана чанагынын (бир аз чоңураак) түзүлүшү шыңга зыгырдыкына окшош; 1000 уругунун салмагы 13 гдай, вегетация мезгили 150 күн. Кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Уругунда 35-52% май болот. Майы лак, олифа, сыр, линолеум ж. б. жасоодо, ошондой эле тамак-ашка пайдаланылат. 3ыгыр күнжарасы баалуу концентрат тоют. Саманында 10-15% була болот. Ал брезент, жип (шпагат) жасоодо пайдаланылат. Май алынуучу зыгырдын 18ден ашуун сорту (Воронеж 1308, Сибирь ж. б.) бар. Негизинен Индия, Канада, АКШ, Аргентина, РФ, Казакстан, Украина ж. б. өлкөлөрдө эгилет.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Зыгыр" булагынан алынды