Ген: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м The file Image:DNA_transcription.gif has been replaced by Image:DNA_transcription.png by administrator commons:User:GifTagger: ''Replacing GIF by exact PNG duplicate.''. ''Translate me!''
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:DNA_transcription.png|300px|thumb|right| ДНК транскрипциясынын схемасы]]
'''Ген''' — тукум куума фактор, тукум куугучтуктун бирдиги. Ал кандайдыр бир эң жөнөкөй белгинин калыптанышында башкы милдетти аткарып, татаал түзүлүштөгү организмдерде [[Хромосома|хромосомалардын]] курамына кирет. Жыныстык көбөйүүдө тубаса белгилердин кийинки бир нече муундарга өзгөрбөй берилишинин тукум куугучтук мыйзам ченемин 1865-ж. чех окумуштуусу [[Г. Мендель]] ачкан. 1909-ж. дания илимпозу [[В. Иогансен]] аны ген деп атаган. 1910— 13-ж. америкалык биолог [[Т. Морган]] жана анын окуучулары тукум куугучтуктун [[Хромосома|хромосомалык]] теориясын иштеп чыккан. Ошондон кийин гендердин [[Хромосома|хромосомада]] бир-бири менен чырмалышып жайгашып, чогуу бойдон укумдантукумга бериле тургандыгы, ошондой эле гендин химиялык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр өзгөрүчтүккө алып келери да аныкталган. 1944-ж. америкалык илимпоздор жана 1953-ж. [[Ф. Крик]] менен [[Ж. Уотсон]] [[ДНК|ДНКнын]] түзүлүшү менен касиеттерин изилдегенден кийин гана укумдан-тукумга берилүүчү тукум куума зат белок эмес, [[ДНК]] — [[Дезоксирибонуклеин кычкылтыгы|дезоксирибонуклеин кычкылтыгы]] болуп, анын молекуласынын бөлүгүндө ген болору толук аныкталган.
 
[[ДНК молекуласы|ДНКнын молекуласы]] бир-бири менен дал келишип, спиралдай буралышкан эки тизмек нуклеотиддерден — айрым бөлүктөрдөн турат. [[ДНК молекуласы|ДНКнын молекуласынын]] бөлүктөрү — [[Нуклеотиддер|нуклеотиддер]] чечмеленет. [[ДНК|ДНКдагы]] ар [[Аминокислоталар|аминокычкылдыкка ]] ырааттуу жайгашкан үч [[Нуклеотид|нуклеотид]] (триплет же кодон деп аталган) туур келет. Ар бир ген башкалардан [[Нуклеотид|нуклеотиддердин]] ошол генге гана тиешелү ырааттуу жайгашуусу менен айырма ланат. Бул тукум куума касиеттерди өзгөрүшүнүн молекулалык негизи түшүнүүгө жардам берди. Мындай өзгөрүүлөр табигый шартта өтө сейрек жүрсө, организмдин нурга чалдыгышынан же химиялык бирикмелердин таасиринен ондогон же жүздөгөн эсе көбөйөт. Тукум куума белгилер укумдан-тукумга сакталышы үчүн гендеги нуклеотиддердин ырааттуулугу өзгөрүлбөөгө тийиш. Нуклеотиддердин бирөөнү эле алмаштыруу (өзгөртүү) тукум куума оорунун пайда болушуна шарт түзөт ([[Тукум куума оорулар]]).
 
1969-ж. окумуштуулар тобу ичеги таякчасынан таза ген бөлүп алып, сүрөткө тартып алышкан. 1967—70 жылдары [[Г. Корана]] 1-жолу генди химиялык [[Синтез|синтез]] жолу менен алган. Буга окшогон изилдөөлөр келечекте жеке генди бөлүп чыгаруу жана аны тукум куума ооруларды жоготуу максатында колдонууга мүмкүн экендигин айгинелейт. Генди көп алып жүрүүчү [[ДНК молекулалары|ДНКнын молекулаларын]] жасалма жол менен көбөйтүү да изилденүүдө. Жасалма гендер ген инженериясындагы тажрыйбаларда колдонулушу мүмкүн.
 
Мурда генетиктер ар бир ген өзүнчө белгилүү касиетти башкарат. Гендин касиети тышкы таасирлерге, [[Хромосома|хромосоманын]] кайсы жеринде орун алгандыгына көз каранды эмес дешкен. Азыркы кездеги генетика бардык тирүү организмдерде ген болуп, ал организмдин [[Морфология|морфологиялык]] касиеттерин, [[Физиология|физиологиялык]] жана [[Биохимия|биохимиялык]] реакцияларды башкарары далилденди. Тукум куума маалыматты чечмелөө ачылгандан кийин жеке генди бөлүү жана жасалма алуу боюнча изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Организмдин өөрчүшүндө гендердин ишин бузуучу тышкы чөйрөнүн, анын ичинде көп дарылардын ([[Антибиотик|антибиотиктер]], [[Гормон|гормондор]], [[Сульфаниламид|сульфаниламиддер]] жана башка) таасири изилденген. Ал көп ооруларды дарылоодо эффективдүү ыкмаларды иштеп чыгууга түрткү болуп, өз алдынча дарыланууга жол бербөөчү негизги фактор.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Ден соолукГенетика‎]]
[[Категория:Медицина]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ген" булагынан алынды