Коргошун: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
+ Lead electrolytic and 1cm3 cube.jpg
1-сап:
[[Файл:Lead electrolytic and 1cm3 cube.jpg|thumb|Коргошун.]]
'''Коргошун''' (латынча Plumbum), РЬ — элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунан орун алган химиялык элемент, атомдук номери 82, атомдук массасы 207,19. Табиятта туруктуу 4 изотобу бар: <sup>204</sup>Pb, <sup>206</sup>Pb, <sup>207</sup>Pb, <sup>208</sup>Pb. Акыркы 3 изотобу радиоактивдүү элементтердин ажырашынан пайда болот. Жер кыртышында массасы 1,6—10<sup>30</sup>/<sub>0</sub>ти түзөт. Коргошун таза түрүндө да учурайт. Маанилүү минералы — галенит. PbS (коргошун жалтырагы) бардык сульфиддик кендерде кездешет. Коргошун —жумшак, иштетүүгө жана чоюлууга ийкем, боз түстөгү металл; тыгыздыгы 11,34 г/см<sup>3</sup> (20°), б. эрүү t 327,4°С; кайноо t 1745°C. Ал оңой кесилет жана жукарат. Кадимки шартта атмосферанын таасирине жана бир топ химиялык реагенттерге (суу, аммиак, сода, күкүрт, туз кислоталарынын суюлтулган эритмелери ж. б.) туруктуу. Суюлтулган кислоталарда эрибейт. Азот, уксус кислоталарында, щелочтун эритмесинде жакшы эрийт. Туз, күкүрт кислоталарында эрибейт. Кадимки шартта абада үстүнкү бети гана окистенет да, андан аркы кычкылдануудан коргоочу жука катмар PbO пайда болот. Ысытканда галогендер, күкүрт, селен, теллур менен түздөн түз аракеттенет. Химиялык бирикмелеринде II валенттүү (IV валенттүүлүк да мүнөздүү). Эки валенттүү Коргошун сууда эрий турган нитраттарды, хлораттарды, ацетаттарды, начар эрий турган хлориддерди, фториддерди жана эрибей турган хроматтарды, фосфаттарды, карбонаттарды, молибдаттарды, сульфиддерди пайда кылат. Коргошунду тазалоодо электролит катары кремний фториди пайдаланылат. Коргошундун (IV) бирикмелери анча туруктуу эмес. Коргошунду алуунун негизги сырьёсу болуп Коргошун жаркырагы PbS эсептелет. Маанилүү бирикмелери — Коргошун оксиддери PbO, PbO2, Pb204 сульфиди PbS, нитраты Pb(NO3)2, хроматы PbCrO, тетратил коргошун Hb(C2H5)4 ж. б. Коргошун көбүнчө сульфид рудаларынан алынат. Коргошун техникалык кабелдерди, аккумулятор пластинкаларын даярдоодо, күкүрт кислотасын өндүрүүчү заводдо аппаратуралардын негизги бөлүктөрүн даярдоодо, куймаларды алууда (басмакана куймаларын ж. б.), гамма жана рентген нурларын жакшы сиңиргендиктен, радиоактивдүү заттар менен иштөөдө алардан сактанууда, тетраэтил Коргошунду өндүрүүдө колдонулат. Коргошундун бардык эрүүчү бирикмелери — уу. Дем алуу жолдору, ичеги, карын аркылуу организмге кирип, булчуңдарга, бөйрөккө, сөөккө чогулат. Уулануу болгондо, ич ооруп, кан басымы жогорулап, аз кандуулук, полиневрит байкалат, шал болуу да мүмкүндүк
[[Категория:Химия]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Химия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Коргошун" булагынан алынды