Алдар Көсөө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with ''''Алдар Көсөө''' - Кыргыз элинин оозеки адабиятында Алдар Көсөө жөнүндө күлкүлүү кызык аңгемелер к...'
(Айырма жок)

23 сентябрь 2009, саат 10:02 учурдагы нуска

Алдар Көсөө - Кыргыз элинин оозеки адабиятында Алдар Көсөө жөнүндө күлкүлүү кызык аңгемелер көп. Алардын айрымдарын китептерден окуп, кээсин сөзмөр карылардан уккан чыгарсыңар. Алдар Көсөө деген ысым казак, өзбек жана башка тектеш элдерге да кеңири таралган. Ал болжол менен 14-15-кылымдарда жашаган деген уламыш бар. Өз аты Чагатай болгон дешет. Ал жашынан эле айлакер, сүйлөсө сөзгө чечен, туш келген адамды заматтын ортосунда өзүнө имерип алдап, аягы сай таппаган адам болгондуктан Чаң жукпас атка да конуптур. Ээгинде бир тал сакалы, муруту да жок болгондуктан Алдар Көсөө деп аталып кетет (көсөө - сакалы жок). Анткен менен Алдар Көсөө кезиккен адамдардын бааарын эле алдай берген эмес. Ал элдин эмгегин жеп, малын бактырып алып, акысын төлөбөй зар какшаткан битекарын, чык татырбас Чынарбай жана байлык дегенде үзүлүп түшкөн Көчпөс бай өңдүүлөрдүн сазайын колуна берген. Сары эсеп соодагерлердин, ырайымсыз вазирлердин, бийлердин мителигин ашкерелеген. Ошондуктан Алдар Көсөөнүн мындай «алдамчылык» иштерин букара (букара – мусулман элдеринде катуу эзилген социалдык катмарды туюндурган термин) эл айыптабайт, кайра моокуму канып кубаттайт.