'''Интрон - ''' — [[белок|белоктун]] синтези ж-дө [[тукум куугучтук|тукум куума]] инфомацияны алып жүрбөгөн гендер. И-дор [[Дезоксирибонуклеин кислотасы|ДНКнын]] бөлүгү; структуралык гендердин башка бөлүктөрүнүн - экзондордун, арасында жайгашат. И-дор, экзондор менен бирге алгачкы информациялык - иРНКга, (про-иРНК) көчүрүлүп жазылат. Про-иРНКдан И-дор жетилген иРНКнын пайда болуусунда, атайын [[ферменттер]] менен кесилип, экзондор калат. Структуралык ген ондогон И-дорду камтышы мүмкүн. И-дор менен [[экзон|экзондордун]] кезектешүүсү белоктордун жана тРНКнын молекулаларын маалымдоочу структуралык гендерге мүнөздүү.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4