Суусар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ 3 pictures
м + link
2-сап:
[[Файл:Beech Marten area.png|thumb]]
[[Файл:Beech marten Martin.JPG|thumb]]
'''Суусар''' (''Martes'' (''Martes'') ''foina''), (Ezxleben (1777)): [[Суусар сымалдуулар]].
 
==Жалпы жана өлкөдө таралышы==
Европанын жана Азиянын тоолуу райондорунда кездешет. Кыргызстанда бардык тоо кыркаларында жашайт.
 
==Жашаган аймактары==
Анын эң жагымдуу биотоптору – ортонку жана бийик тоолордо, таштуу жана шагылдуу таштар.
 
==Саны==
Республика боюнча саны төмөн, 10 км2 бир особдон аз келет. Түштүктөгү тоолордо бул көрсөткүчтөр бир топ жогору жана Борбордук менен Чыгыш Тянңшанда суусарлар абдан аз .
 
==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Чээнге кирбөөчү жырткыч катары жыл бою ал активдүү. Негизинен чычкан сымал кемирүүчүлөр жана чыйпылдак чычкандарга аңчылык кылууга жөндөмдүү, алар таштуу зоналардын жана шагылдардын арасынан табышат. Азыктануусунда көрүнүктүү орунду куштар ээлейт. Суусар жекече участкаларды ээлейт, бирок ар кандай себептер менен бир-бирине өтүп турушат. Күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү, күндүз жашыруун жерлерде жүрүшөт. Суусарлардын кууту июлң-августта өтөт, кийинки жылы чөндөлөйлөрү апрелң-майда гана туулат. 2- 5 туушат, алардын көздөрү бир айдан кийин гана ачылат. 3 айдан кийин өз алдынча жашап калышат . 2-3чү жылы жыныстык жагынан жетилип калышат .
 
==Чектөөчү факторлор==
Төмөнкү тукумдуулугу, азык базасынын жетишсиздиги, браконңерлер жана суук, калың кардуу кыш.
 
==Көбөйтүү (колдо багуу)==
Колдо аларды керектүү жаныбар катары кармашпайт.

==Уюштурулган коргоо аракеттери==
Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес.

==Коргоо үчүн зарыл аракеттер==
Иштелип чыккан эмес.
 
==Статусу==
Түр сейрек кездешүүчү, бирок жоголуп бара жатуучу.
 
[[Категория:Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби]] 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2
 
[[Категория:Жаныбарлар‎]]
[[Категория:Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Суусар" булагынан алынды