Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму''' (СЕАТО), Маниль пактысы - 1955-77-ж. Азия-Тынч океан регионундагы ө..."
 
+ Seatostamp.jpg
1-сап:
[[Файл:Seatostamp.jpg|thumb]]
'''Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму''' (СЕАТО), Маниль пактысы - 1955-77-ж. Азия-Тынч океан регионундагы өлкөлөрдүн согуштук-саясий блогу.
 
СЕАТО уюму 1954-ж. 8-сентябрда [[Манила|Манила шаарында]] негизделген. 1959-ж. СЕАТОнун герби жана желеги кабыл алынган. АКШнын демилгеси менен [[Түштүк-Чыгыш Азия|Түштүк-Чыгыш Азиядагы]] улуттук-боштондук кыймылга жана бардык прогрессчил күчкө каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. СЕАТОнун курамына: Австралия, Улуу Британия, Жаңы Зеландия, Пакистан (1973жылга чейин), АЕСШ, Таиланд (1975-жылга чейин), Филиппин, Франция өлкөлөрү кирген. СЕАТОнун өнөктөшү - Түштүк Корея, Түштүк Вьетнам. Уюмдун жогорку органы - Министрлер туруктуу органы - Генералдык секретарь башкарган Өкүлдүк кеңеши. Штаб-квартирасы Бангкокто (Таиланд) жайгашкан. СЕАТОдо аскер-деңиз, аскер-аба жана кургактагы аскер манёврлары өткөрүлүп турган. Түштүк-Чыгыш Азиядагы демокр. күчтөрдүн жалпы чыңдалыш шарттарында Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму 1977-ж. 30-июнда формалдуу түрдө таратылган.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
 
{{stub}}
[[Category:Уюмдар]]
 
{{Азия өлкөлөрү}}
[[CategoryКатегория:Уюмдар]]
[[Категория:Азия]]