Кайналы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Өсүмдүктөр
м + link
1-сап:
[[Файл:Prunus spinosa 002.jpg|thumb|''Prunus spinosa''.]]
 
'''Кайналы, кара өрүк''' ({{lang-la|Prunus}}) - [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөрдүн]] [[роза гүлдүүлөр]] тукумундагы [[дарак]] же бадал. Бийиктиги 3-12 м. Жалбырагы эллипс же ланцет сымал, гүлү ак же кызгылт. Мөмөсү бир данектүү. Апрель- май айларында гүлдөп, август-сентябрда бышат. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүндө 7 түрү белгилүү. Мөмөсүндө 9-22% кант, 0,14- 1,43% органикалык кислота, азоттуу зат, А, С, К жана В тобундагы витаминдер, минерал зат жана микроэлементтер болот: мөмөсү желет; кыям, шире, повидло жана башка даярдалат. Кыргызстанда кайналынын негизинен Чүй өрөөнүндө, Ош облусунда өстүрүлөт. Гектарынан 300 цден түшүм алынат. Суукка чыдамдуу келет. Кайналынын Кыргызстанда байырлаштырылган сорттору: таттуу кайналы, Ренклод Альтана, Кыргыз сонуну, Анна шпетт жана башка. Зыянкечтери: өрүкчү күбө, өрүк курту, калкан сымал жалбыракчылар жана башка. Илдеттери: мөмө чириги, церкоспороз, клястероспориоз, дат жана башка.
 
[[Категория:Өсүмдүктөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кайналы" булагынан алынды