Бельгия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ links
1-сап:
[[Файл:EU location BEL.png|thumb|Бельгия.]]
[[Файл:Flag of Belgium.svg|thumb|right|200px|Бельгия]]
'''Бельгия''', Бельгия Королдугу (фр. Royaume de Belgique, фламандча Koninkrijk Belgi6) Батыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Нидерланд, чыгышынан [[Германия]], түштүк чыгышынан [[Люксембург]], түштүгүнөн жана түштүк батышынан [[Франция]] менен чектешет. Түндүк-батышын Түндүк деңизи чулгайт. Аянты 30,5 миң км2. Калкы 10,4 млн (2005). Борбору Брюссель шаары. Расмий тилдери: француз, нидерланд, немис тилдери. Бельгия-федерациялык мамлекет болгондуктан үч аймакка: Вавилон, Фламанд жана Брюссель админстративдик аймагы жактан Брюссель агломерациясына жана 10 провинцияга бөлүнөт.
Line 33 ⟶ 34:
|}
 
Акча бирдиги евро. Бельгия БУУнун (1945), Европалык экономикалык уюмунун (1957), Европа кеңешинин (1949), [[Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ)|ЕККУнун]] (1975), Эл аралык валюта фондунун (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын мүчөсү.
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Бельгия федерациялык мамлекет. [Конституциясы 1831-ж. 7-февралда кабыл алынган, 1994-ж. 17-февралда өзгөртүүлөр киргизилген)]. Башкаруу формасы конституциялык монархия. Мамлекет башчысы король. Аткаруу бийлигин король менен премьер министр жетектеген Министрлер кабинети ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы жана Сенат). Саясий партиялары: Либералдык реформалар партиясы (франкофондор), Соц. партия (франкофондор), Социал-христиан партиясы, Фламанд либералдар жана демократтар партиясы, Социал. партия (фламандыктар), Христиан Элдик партиясы, Фламанд блогу. Табияты. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн түздүк ээлейт; ал түндүк-батыштан, Түндүк деңиздин жээгинен түштүк-чыгышты карай бийиктейт. Эң бийик жери Арденна тоосу, 694 м (Ботранж чокусу). Жээк бойлой жайгашкан дюналар улам өрдөгөн сайын польдерлер (кургатылган саздак жерлер) тилкеси, Фландрия, Кампин жайпак түздүктөрү менен алмашат. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Климаты мелүүн деңиздик. Январдын орточо температурасы Арденнада -1°Сден деңиз жээгинде 3°Сге чейин, июлдуку 14°Сден 19°Сге чейин. Жылдык жаан чачыны түздүктөрдө 700-900 **, тоолордо (Арденна) 1500 ммге чейин. Негизги дарыялары Мёз (Маас), куймалары Урт. Самбра; Шельда, куймалары Лейе, Дандр. Кенбайлыктарынан көмүргө бай, ошондой эле темир, коргошун, цинк, жез, сурьма кендери, гранит, мрамор ж. б. курулуш материалдары бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн маданий ландшафттар ээлейт. Бокаж (токой тилкелери менен бөлүнгөн эгин талаалары жана шалбаа жерлер) мүнөздүү. Өлкөнүн аймагынын 24% ин жазы жалбырактуу токой бук, эмен, граб, кайың ж. б. ээлейт (негизинен Арденнада). Польдерлерде жана дарыя жайылмаларында шалбаа, дюналарда верещатниктер өсөт. Жалпы аянты 78,4 миң га болгон 4 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинен От-Фань жаратылыш паркы бар.
==Калкы==
Калкы негизинен фламанддар (56%), валлондор (32%), ошондой эле немистер менен француздар да жашайт. Динге ишенгендеринин 57% католиктер, 1,7% протестанттар, еврейлер, мусулмандар ж. б. Дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан өлкөнүн бири. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 342 киши. (Европада 2-орунда; Нидерланддан кийин). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 75,4, аялдарыныкы 81,9 жаш. Шаар калкы 96,7%. Ири шаарлары: [[Антверпен (шаар)|Антверпен]], Гент, Шарлеруа, Льеж, Брюгге.
==Тарыхы==
Байыркы замандан өлкөнүн аймагын белг уруулары мекендеген (өлкөнүн аты ушундан улам келип чыккан). Биздин заманга чейинки 57-ж. Цезарь тарабынан басып алынып, Рим империясынын курамына кошулган. Б. з. 3-5-кылымдарда Бельгиянын аймагына герман франк уруулары көчүп келишет. 5-9-кылымдарда Бельгия Франк мамлекетинин курамында болот. 10-12-кылымдарда аймакта шаар куруу, жүндөн кездеме токуу, металл иштетүү, соода өнүгөт. 12-кылымда Бельгия Европанын «өнөрканасына» жана эл аралык соода түйүнүнүн борборуна айланат. 14-15-кылымдардын акырында Бельгиянын аймагы (1384-ж. Фландрия, 1430-ж. Брабант) Бургундия мамлекетине кирет. Бургундия мамлекети кыйрагандан кийин, Бельгияда Габсбургдар династиясынын (1477, толугу менен 1482) бийлиги орнойт. 15-кылымдын башында Нидерланд деп аталган 17 провинциянын бир аймагы катары (Бельгиянын азыркы аймагы, Нидерланд, Люксембург жана Түндүк Франциянын бир бөлүгү) анын курамына кирген. Европадагы өлкөлөрдө капиталисттик мамилелер өнүгө баштаганда, Нидерланд алдыңкы орунга чыккан. 1576-жылдагы көтөрүлүш Бельгиянын провинцияларында испаниялык бийликти жок кылуу менен аяктаган, Нидерланддын түндүк провинциялары менен келишим түзгөн. Бирок Бельгиядагы феодалдык-католиктик реакция Испания менен союз түзүп, кыймылды баскан. Түдүк. Нидерланд (Голландия Респ.) жана Түштүк Нидерланд (Бельгиянын аймагы) саясий, экономикалык жактан эки түрдүү жол менен өнүккөн. Көзкаранды эмес Голландия Республикасынын экономикасы гүлдөп, Испаниянын колунда калган Түштүк Нидерланддын экономикасы төмөндөгөн, капитализмдин өнүгүшү токтогон. Испандык мурас үчүн болгон согуштардын натыйжасында Бельгия австриялык Габсбургдардын (1714-ж.) бийлигине карап калат. 1794-ж. Наполеон империясынын курамына кирип, ал кулаган соң, Вена конгрессинин чечими боюнча, Голландия менен Вильгельм I башкарган Нидерланд королдугуна биригет. Бул мезгилде өнөржайы бир кыйла өнүгүп, темиржолдор салынган, банктар ачылган. 1830-ж. Голландия үстөмдүгүнө каршы чыккан Бельгия реввлюциясы жеңишке жетишип, Улуттук конгресс тарабынан Бельгия королдугунун көзкаранды эместиги жарыяланган, ошол эле жылы беш улуу держава (Улуу Британия, Россия, Франция, Австрия жана Пруссия) Лондондо өткөн конференцияда Бельгиянын көзкаранды эместигин таанып, аны 1831-ж. түбөлүк бейтарап өлкө катары жарыялашкан. 1831-ж. Улуттук конргессте кабыл алынган конституция өлкөдө конституциялык монархиянын орногондугун белгиледи. Дүйнөлүк биринчи жана экинчи согуш мезгилинде Б.ельгия немис армиясы тарабынан оккупацияланган. Согуштан кийин өлкөнү кезек менен социалдык жана католиктик партиялар башкарган. 1960-ж. Конгого, 1962-ж. Руанда-Урундиге эгемендикти берген. Бельгия НАТОнун (Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун) мүчөсү. Брюсселде НАТО Кеңешинин жана Европадагы бириккен куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысынын штабквартирасы жайгашкан. 1958-ж. Нидерланд жана Люксембург менен союз түзүү жөнүндөгү келишимге (Бенилюкс) кол койгон. 20-кылымдын 60-70-жылдарында Бельгияда фламанддыктар (нидерланд тилинде сүйлөшкөндөр) менен валлондуктар (франк тилдүүлөр) ортосунда оор мамилелерден улам абал татаалдашып кеткен. Жаңжалдан улам 994-ж. өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, Бельгия федерациялык мамлекет катары, ал эми Фландрия менен Валлонияда өзалдынча өкмөттөр түзүлгөн. 2003-ж. өткөрүлгөн парламенттик шайлоолордон кийин Г. Верховстад жетектеген жаңы өкмөт шайланган. Экономикасы. Европадагы экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 316,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүшгүргөндө 30 600 доллардан (2004; АКШ) туура келет. Ички дүң продукциясында өнөржай менен курулуштун үлүшү 25,7%, айыл, токой жана балык чарбасыныкы 1,3% (2004). Өлкөнүн экономикалык структурасынын негизги өзгөчөлүгү банк капиталынын басымдуулугу. Бельгия минералдык сырьёлорго жарды. Көмүр казылып алынат (учурда токтотулган). 2002-ж. 76,6 млрд кВт EJ электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 58% АЭСке туура келет (Бельгия дүйнөдө 2-орунда, Франциядан кийин). Өлкөнүн түндүгүндө Мол шаарында эларалык ядро изилдөөчү ири борбор (тез нейтрондуу 3 реактору менен), ошондой эле Евратом атом изилдөө бюросу, ядро отунун кайра иштетүүчү (Батыш Европа өлкөлөрү үчүн) ишканасы жайгашкан. Болот өндүрүү боюнча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен, алдыңкы катарда турат (2001-ж. 11,3 млн о). Өнөр жайынын негизги тармактары: тамак-аш, химия (пластмасса, жасалма була, каучук), кара металлургия, металл иштетүү жана машина куруу (анын ичинен автомобиль куроочу тармагы өнүккөн), текстиль, айнек (айнек менен күзгүнү экспортко чыгаруу боюнча дүйнөдө 1-орунда), кыймылдаткыч, жүк жүктөөчү транспорт жабдуулары, текстиль машиналарын куруу. Түстүү телевизор (көпчүлүгү экспорттолот), илгертен курал-жабдыктарды чыгаруу өнүккөн. Сода, жер семирткич жана пластмасса синтездөө үчүн органикалык сырьё, кинофотоматериалдар, медикаменттер чыгаруучу заводдору бар. Кебез-кездеме, кылторко, жасалма жибек өндүрүшү иштейт. Алмаз кырдалат (Антперпенде). Бриллиант соодалоонун борбору. Килем токуу, кийим тигүү, булгаары-буткийим, мебель өнөржай ишканалары иштейт. Айыл чарбасынын негизги тармагы эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы. Бельгиянын аймагынын 1/2нен ашыгы айыл чарбага жарактуу, анын 45% шалбаа жана чабынды, 55% ин дан эгиндери ээлейт. Айыл чарбасында калкынын 3% гана эмгектенгени менен, өлкө айыл чарба продуктусуна болгон ички керектөөсүн толугу менен камсыздайт. Канткызылчасы, жашылча-жемиш, дан -эгиндери өстүрүлөт. Бодо -мал, чочко асыралат. Бельгия сүт продукцияларын өндүрүү боюнча Европадагы эң ири мамлекеттерден болуп саналат. Темиржолунун узундугу 3,5 миң км (анын ичинен 2,6 миң кми электрлештирилген; анын жыштыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда). Автомобиль жолунуку 149,0 миң км. Дарыяларында (Шельда, Маас) кеме жүрөт. Деңиз соода флотунун тоннажы 1146,3 миң рег. бр.-о (2005). Башкы деңиз порту Антверпен, андан башка ири порттору Брюгге, Гент, Остенде, Брюссель. Сыртка автомобиль жана өнөржай жабдууларын, кара жана түстүү металлдар, химия, текстиль продуктуларын, зергерчиликке колдонулуучу алмаз чыгарат. Сырттан энергетикалык сырьёну, азык-түлүк, машина жана жабдууларды алат. Негизги соода шериктештери: Германия, Франция, Нидерланд, Улуу Британия, АКШ.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бельгия" булагынан алынды