Брүссел: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
63-сап:
}}
'''Брюссель''' ({{lang-nl|Brussel}} {{IPA|[ˈbrʏsəl]}}, {{lang-fr|Bruxelles}} {{IPA|[bʁyˈsɛl]}}) – Бельгия Королдугунун борбор шаары. Сенна дарыясынын боюнда жайгашкан. Брабант провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 1,4 млн (2009; 2,1 млн, шаар айланасы менен). Ири жолдор, порт, каналдар тоому. Завентем Эл аралык аэропорту бар. Улуттук жана чет өлкөлүк көп банктардын башкармалары; түрдүү машина куруу (анын ичинде автомобиль жана прибор куруу), электр-техникалык, химиялык, тамак-аш, фармацевтика, парфюмерия, полиграфия, булгаары, жеңил өнөр жайы бар. Кустардык жол менен тор, килем токуу байыртадан эле колдонулуп келген. Зергерчилик өнүккөн. Метрополитен, университет (1834-жылдан), Географиялык институт, Искусство жана ИА, Пастер институту иштейт. Эски жана заманбап искусство, Королдук көркөм өнөр жана тарых музейлери жана башка бар; Брюсселде Эл аралык конференциялар, съезддер өткөрүлүп турат. Брюссель – 12-кылымдын 2-жарымынан Брабант герцогдугунун башкы экономикалык борборунун бири. Мында Брабант герцогдорунун (кийинчерээк Нидерланддагы Габсбургдардын наместнигинин) резиденциясы болгон. Нидерланд революциясынын жүрүшүндө 1576-ж. 4-сентябрда Брюсселде чыккан көтөрүлүш өлкөнүн түштүгүндө исиандык үстөмдүктү жок кылган, бирок 1585-ж. испан аскерлери шаарды кайрадан басып алган. 1830-ж. Бельгия мамлекети түзүлгөндөн кийин, Брюссель анын борбору болгон. 1914–18-, 1940–44-жылдарда герман аскерлери басып алган. Брюсселде НАТОнун штаб-квартирасы, Европа Экономикалык Союзунун, Бенилюкстун борбордук органдары жайгашкан. 1958-ж. Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өткөн. 11–19-кылымдагы көптөгөн архитектуралык эстеликтер, готика стилиндеги ратуша (15-кылым) жана собор (13–15-кылым) сакталган. Шаардын тарыхый борбору, 90 метрлик коңгуроолуу готика стилиндеги ратуша Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
 
[[Категория: Шаарлар]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
{{Европа өлкөлөрүнүн борборлору}}
 
[[Категория:Бельгия]]‎
[[Категория: Шаарлар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Брүссел" булагынан алынды