Каптал сызыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14...
+ Файл:Lateral line 01.JPG
 
1-сап:
[[Файл:Lateral line 01.JPG|thumb|Каптал сызыгы.]]
'''Каптал сызыгы''' ([[Латын тили|лат.]] Linea lateralis) – сууда жашоочу [[омурткалуулар|омурткалуулардын]] ([[тегерек ооздуулар|тегерек ооздуулар,]], [[балыктар|балыктар,]], айрым жерде-сууда жашоочулар) [[сезүү органдар|сезүү органдары]] . Кургакта жашоочу жерде-сууда жашоочулардын К. с. органы көнөк баштарда гана сакталып калат. К. с. теринин ичинде жана дененин тери алдыңкы структураларында жайгашкан. К. с. органдар – бул сейсмосенсордук тери органдары, суунун анча-мынча термелишин жана жылышын сезүүгө жөндөмдүү, себеби эктодерманын үстүндө же анын майда чуңкурчасындагы тентиме нервдин каптал бутактары курчап турган сездиргич клеткалардын арасында жатат. [[Балыктар|Балыктарда]] теринин калың жеринде узунунан кеткен каналды түзөт, андан сыртка карай майда тешикчелер чыгат. К. с. органдын түзүлүшү жана жайланышы көпчүлүк балыктардын систематикалык белгиси болуп эсептелет.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
 
[[Категория: БиологияЗоология]]