[[Файл:Human male karyotpe high resolution.jpg|thumb|Кариотип.]]
'''Кариотип - ''' - тигил же бул түргө мүнөздүү болгон [[хромосома|хромосомдордун]] жыйындысынын белгилери (саны, өлчөмү, формасы). Ар бир түрдөгү К-тин туруктуулугу [[митоз]] жана [[мейоз|мейоздун]] законченемдүүлүгүнө байланыштуу сакталып турат. К-тин өзгөрүшү хромосомдук жана [[геномдук мутация|геномдук мутациялардын]] натыйжасында болушу мүмкүн. Хромосомдордун жыйындысын изилдөө [[метафаза]] учурунда жүргүзүлөт. Хромосомдордун түзүлүш өзгөчөлүгүн изилдөөдө, алардын айрым бөлүктөрүн атайын боёктор менен боёп, аныктоо кеңири таралган. К. изилденип кариограмма түзүлөт. Көп миңдеген [[өсүмдүктөр|өсүмдүктөрдүн]] , жаныбарлардын жана адамдын К-и изилденген (14-сүрөт).
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4