Солто: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
7-сап:
Култуу балдары «чылпак» деп аталып, XX кылымдын башында Куру-Күнгөйдө өзүнчө бир болуш эл болгон.
 
Чаа бийдин тукуму анын Талкан, Бөлөкбай (Каракчы) жана Тата деген уулдарынан тарайт. Мурунку заманда Солто уруусун Бөлөкбай, Талкандан чыккан манаптар бийлеген. Талкандын балдары Коңурбай, [[Кошой]], Багышан, Баакы, Байболот, Делдең, Алаң деген жети атага бөлүнөт. Байболот, Делдең, Алаң «кепер» деп аталат. Октябрь революциясына чейин Бөлөкбай тукуму баардыгы 4 болуш (Жерказар, Жетикашка, Чылпак, Тата, Узун-Кыр болуштугу) эл болгон. Чаанын карыганда алган аялынан Тата болуп, ал дагы Бөлөкбай менен бир жүргөн. Бүтөш бир болуш эл болуп, Ысык-Ата, Кегетиде турган. Байсейиттен Кутумбет, Эсиркемиш, Аксакбөрү, Жору, Үкү беш уул. Кутумбеттен Адуучу, андан Корчу баатыр, андан Сулайман манап. Эсиркемиштен Кебек, андан Мурат, андан Тайлак, андан Айдабосун, андан Камбала. Аксакбөрүдөн Абайылда, андан Маамыт. Бүтөштүн беш уулун көчкү алып кетип, Жакып деген бир уулу калат. Бүтөштүн Жакыбы жалгыз калганда, Бүтөшкө байбичеси кайра Кагаз деген зайып алып берип, андан Түлөкабыл, Жагыш, Тубар, Төлөн, Багыш 5 уул туулган. Түлөөкабылдан Чыңгыш баатыр, Чоткара, Балтабай, Үркүнбай, Аралбай, Баястан, Айта (жети баатыр, жети кашка). Чоткарадан Жаманкара. Калмак, Күрпүк дагы ушуларга таандык. Күрпүк жолборс жыга чапкан баатыр болгон. Бир аялдан жалгыз калган Жакып 2 аял алып, андан Сарман, Таңсык деген балдар. Таңсыктан Сарыбагыш манап менен Түгөл. Түгөлдөн Бай, андан Кубат.
Талкандан Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Байболот, Делдең. Кошойдон Баймырза, Мамбет, Жамансарт, Момокон. Жамансарттан Эсенаман, Түлөберди, Бөрүбай. Түлөбердиден Эшкожо, Канай, Карбоз, Чыны. Момокондун тукуму бир болушча эл болуп, Чоңайылчы, Балаайылчы деген манаптар чыккан. Момокондон Алымбек, андан Таштамбек. Андан Чоңайылчы, андан Акмат. Момокондун дагы бир уулу Татыбек, андан Балаайылчы, андан Маамыт. Түлөберди дагы эң даңктуу чоң манап болуп, тукумунан мыктылар көп чыккан. Эшкожодон Жангарач. Канайдын улуу аялынан БайсейитБошкой, БошкойБайсейит. Кичи аялынан Бүтөш, Тилеш, БайтикеБайаке, Байтик. Күмүш деген аялынан Байгазы, Сатылган, Муңайтпас.
Бошкойдон Өзүбек, Курама, Акылбек, Сырдыбай, Кененсары, Эстемес, Жанчар.
Байсейиттен Медербек, Шекербек, Ибрагим.
Бүтөштөн Байсаба, Качкынбай, Намазаалы. Байсабадан Ныйазаалы.

Карбоздон Кененсары, андан Жантай манап.
 
Чыныдан Тынаалы. Булардан тышкары Чаанын багып алган асыранды баласынан «жоочалыш» уругу ж. б. кичине букара уруктар кирип калган. Алар башка этностордон биригип, Солто уруулук курамын калыптандырган. Бирок алардын саны жетиден ашык экенине карабай («беш көөрүк», «мааке», «көгөй», «төлөк», «жоочалыш», «шалта», «ак буура» же «кара сакал», «сөөк мурун», «кайдоол», «накай» ж. б.), Солтонун ичиндеги «жети кул» деп атап коюшкан.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Солто" булагынан алынды