Мышык сымалдар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Tiger-zoologie.de0001 22.JPG
+ links
1-сап:
[[Файл:Tiger-zoologie.de0001 22.JPG|thumb|[[Жолборс (зоологияда)|Жолборс]] ''Panthera tigris altaica''.]]
'''Мышык сымалдар''' ([[Латын тили|лат.]] Felidae) – [[Сүт эмүүчүлөр|сүт эмүүчүлөрдүн]] [[жырткычтар]] түркүмүндөгү тукуму. Башы тегерек, тулку сымбаттуу, булчуңдуу; буттары күчтүү, тырмагы чоң, курч, куйругу узун. Түрдүү чоңдукта. Жүнү кыска, жыш; терисинде кара тактары же тилкелери болот; талаа жана чөлдөгүлөрү сары же кум түстүү. М. с-дын угуу жана көрүү органдары жакшы өөрчүгөн, жыт сезүүсү начар. Бутунун учу менен басат, алдынкы буту 5, арткысы 4 манжалуу. Кылкыйма жана азуу тиштери жакшы өөрчүгөн. Жер бетинде 4 урууга кирген 36 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 11, [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] 5 (илбирс, сүлөөсүн, жапайы мышык жана башкалар) түрү бар. Жапайылары бардык материкте, көбүнчө тропикте көп түрлөрү таралган. Сүт эмүүчүлөр, куштар, жерде-сууда жашоочулар, балык жана башкалар. жаныбарларды жейт. Азыгын аңдып жатып кармайт. Жылына, көбүнчө 2–4тү тууйт. Мышык сымалдарды терисин алуу үчүн кармашат. Мал чарбачылыгына зыян келтирет. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 11 түрчөсү киргизилген.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Алдашев, Абдулхай Алдашевич|А. А. Алдашев]]. [[Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү]]. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:ЖаныбарларСүт эмүүчүлөр]]