Дооронбек Садырбаев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
{{Кинематографчы
#REDIRECT [[Садырбаев, Дооронбек]]
|ысымы = Дооронбек Садырбаев
|нукура ысымы =
|сүрөт =DSC 1603.jpg
|туурасы = 250px
|сүрөттүн баяндамасы =
|төрөлгөндөгү ысымы =
|туулган датасы = 13.02.1939
|өлгөн датасы = 28.05.2008
|туулган жери = [[Апыртан, Ноокен району|Бирлик колхозу]], [[Ноокен району]], [[Жалал-Абад облусу|(Ош) Жалал-Абад облусу]], [[СССР]]
|өлгөн жери = [[Бишкек]], [[Кыргызстан]]
|кесиби = {{кинорежиссёр|СССРдин|XX кылымдын|XXI кылымдын}}, [[жазуучу]], [[саясатчы]]
|жарандыгы = {{СССР желеги}} [[СССР]] → {{Өлкө желеги|Кыргызстан}}
|активдүү жылдары =
|багыты =
|киностудия =
|сыйлыктары = {{3-даражадагы Манас Ордени}}
|imdb_id = 1119526
|сайт =

'''Садырбаев, Дооронбек''' (13-февраль, [[1939-жыл]], Апыртан - 28-май, [[2008-жыл]], Бишкек ш.) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы (2008) ыйгарылган.

== Өмүр таржымалы==
[[File:KG025-14.jpg|thumb|255px|Дооронбек Садырбаев почта маркасында]]

Дооронбек Садырбаев азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) 1939-жылы 13-февралда туулган. Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болуп иштеген. Ал 14 жашка чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Дооронбек Садырбаев ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1-орто мектебине кирип, 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.
=== Эмгек жолу ===

Студент кезинен эле режиссердук жана кино өнөрү менен "ооруп" калган.

4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссердук ишке орношкон. [[Муратбек Рыскулов]], [[Жамал Сейдакматова]], [[Бакен Кыдыкеева]] сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.

Дубляжда (тасмаларды которууда) [[Вячеслав Тихонов]], Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык "лөктөрдүн" үнүнүн котормосун Доке окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн.

Ал режиссердук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган.

Бул тасма жазуучу [[Чыңгыз Айтматов]]дун "Кылым карытаар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган.

Ал өз замандаштары [[Төлөмүш Океев]] жана [[Болот Шамшиев]]дин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.

===Пост-советтик коомдук ишмердиги===

1992-93-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар [[Дудаев]], [[Гамсахурдия]] сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган.

[[Түркия]]да да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болду.

Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишти.

===Депутаттык ишмердиги. Өмүрүнүн акыркы мезгили===

1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал [[Кыргызстан]]дын [[Жогорку Кеңеш]]инин депутаты (1995-2008) болгон.

Дооронбек Садырбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө жигердүү депутаты болгон.

Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган.

21-кылымдын башында Кыргызстанда бир катар оппозициячыл нааразылык жыйындарын уюштурууга катышкан.

2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири - мурдагы элчи, мурдагы тышкы иштер министри жана [[Кыргызстандагы өткөөл мезгил|өткөөл мезгилдеги]] президент [[Роза Отунбаева]] болгон).

2005-жылкы 24-марттагы элдик ыңкылапты колдогон коомдук ишмерлерден болгон.

2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан.

Анын ооруга чалдыккан себебин мурдагы К.Бакиевдин режимин кескин сындаган ишмердиги менен байланыштырган жоромолдор бар.

Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

==Эскерүү==

Д.Садырбаевдин ысымы Бишкектеги мурдагы Бах көчөсүнө берилген.

2008-жылы ага (өлгөндөн кийин) Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

==Эмгектеринин котормолору==

Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган.

Кыргыз акыны [[Алыкул Осмонов]] туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан.

1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти")даярдаган.

==Интернеттеги шилтемелер==

* http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_Culture_Sadyrbaev/2055103.html

* http://www.azattyk.kg/content/article/1285205.html

* http://www.azattyk.org/content/article/1278564.html

* http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_Memorial_Meeting_Dooronbek_Sadyrbaev/1742996.html

* http://www.pr.kg/gazeta/number390/282/

[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Дүйнө]]
[[Категория:Илим]]
[[Категория:Коом]]
[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:Кыргыз таануу]]
[[Категория:Кыргыз адабияты]]
[[Категория:Кыргыз киносу]]
[[Категория:Жалал-Абад облусу]]
[[Категория:Ноокен]]
[[Категория:Режиссерлор]]
[[Категория:Жазуучулар]]
[[Категория:20-кылым]]
[[Категория:21-кылым]]
[[Категория:Саясат]]
[[Категория:Жогорку Кеңеш]]
[[Категория:Түркия]]