Кыргызстан тарыхы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
22-сап:
Андан кийинки тарых Кыргызстандын жергесинде жана жамаатташ жайгашкан аймактарда биздин заманга чейинки VIII-II кылымдарда жашаган сак урууларынын тарыхы менен байланыштуу.
 
Акыркы кездеги археологиялык изилдөөлөргө караганда, сактардын этногенези кеч коло доорундагы ар кыл – карасук, бегазы, херексур, бугу таштары өңдүү борбордуказиялыкборбордук азиялык маданияттар менен байланыштырылууда. Б.з.ч. тарыхый жазма булактарда биринчи кездешкен көчмөн калк катары белгилүү болгон сактар тууралуу кабарларды грек авторлору Геродот, Страбон, Ктесий, Квинт-Курций жана персиялык Дарий биринчинин учурундагы жазуулар (Персеполись, Бехистун), ошондой эле кытай жазма булактары (Ханьшу, Шицзи) беришет.
 
Б.з.ч. VIII-VII сактар күчтүү Ассирия, Урарту мамлекеттерине коркунуч келтирип турган. Сактардын Зарина аттуу падышасы Мидия падышачылыгы менен азыркы Ирандын территориясында Парфиядагы бийлик үчүн ийгиликтүү салгылашып турган. Б.з.ч. 558-жылы бийликке келген перс падышасы Кир 20 жылга жетпей Кичи Азияны, Закавказьени, Сирияны, Палестинаны, Орто Азияны басып, күчтүү держава түзөт. 543-539-жылдары Кир аскерлерин түндүк-чыгышка карай багыттап, болжолу сактарды багынткан. Кир сактар менен согушпастан гана, кээде жардам сураган учурлары болгон; Лидия падышасы Крез менен согушканда сактар жардам берген. 530-жылы Падыша аял Томиристин колунан жеңилген Кирдин өлүмүнөн соң сактар көзкарандылыктан бошойт. 522 жылы бийликке келген I Дарий кайра 519-ж. сактардын жерин басып алат. Айрым сак уруулары убактылуу I Дарийдин бийлиги астында болгону менен, катуу басмырланбаган. Сактарга ишеним көргөзүлүп перс падышасынын тандалма аскерлеринин катарында перс падышасынын гвардиясында, "он миң өлбөстөр" гвардиясында кызмат өтөшкөн. Грек-перс согушунда сактар перстер тарапта согушкан. 518-жылы I Дарий масагеттерге каршы жортуулга чыгып жеңишке жетише алган эмес Алар сактар