Хадис: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
2-сап:
 
«Хади́с» ({{тил|ar|الحديث}} «сөз»)— [[Мухаммед пайгамбар|Мухаммед пайгамбардын]] (САВ{{Салават}}) санат сөздөрү («кауль»), жактыруулары (макул табуулары) («такрир»), көрүнүшү («васфи») же кылган иш-аракеттери («филь»). Хадистер [[Сахабалар|Сахабалардын]] жардамы менен айтылып, сакталып келген. <br>
Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын{{Салават}} убагында эле башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын үзгүлтүксүз чынжырчасынан - иснаддан туруштурушу керек. Башкача айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги, ырас экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен, хадисти чындыкачындыкка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны изилденген. Эгер, кайсы бир айтып берүүчүнүн начар эс-тутуму, психикалык жактан токтоо эместиги, же жөн гана чынчыл эместиги билинсе, анда ал адам – начар жеткирүүчү катары саналып, айтылган хадис шектүү болуп саналган. Хадистер аныгы жагынан шексиз (сахих), жакшы (хасан), начар, шектүү жана ойлоп чыгарылган (башка адам атайы ойлоп чыгарып, пайгамбар айткан деп жайылтуу, калп) болуп бөлүнгөн. <br>
Хадистер жөн гана насаат болуп тим болбойт. Мухаммед пайгамбар, ким пайгамбар айтпаганды айтты деп жалаа жаап, пайгамбардын атынан айтса ал тозоктон орун алат деп айткан. Пайгамбардын бул сөзү кудайга баш ийүүчүлөргө катуу таасир эткен. Хадистердин маңызы - Куранда жазылгандарды кененирээк, түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү. Мисалы, [[Куран|Куранда]] [[намаз]] окуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт. <br>
Мухаммед пайгамбардын{{Салават}} сахабаларыны бири [[Абу Хурайра]] 5354 хадис айтып берген.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Хадис" булагынан алынды