Дан куурай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
м Өсүмдүктөр‎
1-сап:
[[file:Wild raspberries close-up.jpg|thumb|250pxДан куурай.]]
 
'''Дан куурай''' (Idaeobatus{{lang-la|Rubus Аоcheidaeus}}, [[L.]], 1753) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Бийиктиги 1–3 м. Тамыры көп жылдык, сабагы бир жана эки жылдык. Жалбырагы канат сымал, үчтөн жайгашат. Гүлү кош жыныстуу, өңү ак, топ гүл. Мөмөсү кызыл, сары жана кочкул кызыл. Дан куурайдын 120дай түрү бар. [[Азия]], [[Америка]] жана [[Европа|Европанын]] субтропик бөлүгүндө өсөт. Жапайы түрү [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] [[Ош]], [[Нарын облусу|Нарын облусунда]], [[Чүй]], [[Ысык-Көл |Ысык-Көл өрөөнүнүн]] капчыгайларында өсөт. Эгилме түрү ысыкка чыдамсыз, нымчыл келет. Мөмөсү даамдуу, ширелүү жемиш, күлгүн кызыл, жыттуу. Жылына эки жолу түшүм берчү сорттору бар. Жемишинен кыям, компот, шире даярдалат. Мөмөсүндө антибиотик бар. Дарылыкка колдонулат. Курамында 5,7–11,5% кант, 1–2% орг. к-та, 9,1–44 мг "С" витамини жана жыттуу заттар бар. 1 га жерден 10 тдай түшүм алынат. Кыргызстанда Барнаул, Кузьмин, Мальборо, Калининград, Совет, Висхуна жана башка сорттору эгилет. Илдеттери:антракноз, өсүмдүк даты, бозчирик, жалбырак бүрүшү. Зыянкечтери: дан куурай коңузу, дан куурай, кожогат шиш тумшугу.
 
==Колдонулган адабияттар==
7-сап:
* Культура малины. Краснодар. 1982; Каза ков И. В. и др. Малина. М. 1982.
 
[[Категория:БиологияӨсүмдүктөр‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дан_куурай" булагынан алынды