Таш-Рабат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
4-сап:
 
[[Ат-Башы району|Ат-Башы]] кыш-нан 80 ''км ''Түштүк-чыгыш тарапта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 ''км. ''Тимуриддер мамлекетинен Кытайга кеткен жолдогу бекемделген бул курулуш көпөстөр, элчилер жана миссионерлер түнөп өткөн кербен сарай деп болжолдонот. Т.-Р. архитектуралык көрүнүшү жагынан [[Самаркан]] курулуштарына окшош. Бийиктиги 20 ''м''дей. Тик бурчтуу формадагы 40 бөлмөдөн турат (алардын 20сы там чамгарак, 11и свод менен жабылган). Тышкы дубалынын калыңдыгы 1,80–2,20; 2,26–2,60 ''м'', ички дубалыныкы 1,07ден 1,84 ''м''ге чейин. Бөлмөлөр үч топко бөлүнөт: 1) 16,25ґ3,75 ''м'' болгон Борбордук коридор; 2) бөлмөлөр Борбордук коридордун оң, сол жагына орношкон; 3) 9,25ґ9,15 ''м ''келген Борбордук там чамгарак залы жана анын тегерегинде жайгашкан бөлмөлөр. Борбордук коридордогу 1–эшик аркылуу үч кароол үйүнө өтөт. Экинчи топто аткана бар. Т.-Р-тын негизги фасады чыгышты карайт.
 
== Тарыхы ==
Таш-Рабат XV кылымда IX-X кылымдарга таандык монастырдын ордуна курулган. Анын пайда болуусунун эки версиясы бар: биринчиси — храм Сириядан келген христиан монахтары тарабынан салынган же башка бир христиан тобу тарабынан, экинчиси — аны монах-буддисттер курушкан.
Убакыттын өтүшү менен Орто Азияда ислам дини толугу менен орнотулуп, храм солгундай баштаган. Бирок Улуу Жибек Жолу Таш-Рабаттын бош калуусун болтурган эмес. Ал курулуш караван-сарай катары пайдаланып келген.
 
Таш-Рабат Тянь-Шань аркылуу өткөн Жибек Жолунда негизги пункт болуп эсептелинген. Анткени Таш-Рабат көпөстөргө баш калкалоочу жай гана болбостон, аларды уурулук, тоноочулуктан да коргогон. Таш-Рабат аркылуу кербен Фергана өрөөнүнө багыт алчу.
 
Орус окумуштуусу Чокан Валиханов бул сарайды Бухарадан Түркстанга чейинки өзүнүн хандыгын жүргүзгөн шейбаниддердин башчысы Абдуллах - хан 16 - кылымда курдурган деген божомолду айткан. Бирок, бул билдирүүсү эч кандай тарыхый факты менен тастыкталбагандыктан, илимпоздор арасында түрдүү талаш - тартыштарды жараткан.
 
Окумуштуулардын көбү орто кылымда жашап өткөн Мырза Хайдар Күрөнкандуглаттын “Тарих – и Рашиди” аттуу китебинин 27 – бөлүмүндө жазылган негизги маалыматка токтолушуп, Ташрабатты 15 – кылымда жашаган түрк – монгол мамлекетинин башчысы Мухаммед – хан курдурган деп айтышат.Чындыгында эле “Тарих - и Рашидиде” чеп жөнүндө төмөнкүдөй маалымат бар: “Мухаммед - хан Чадыр – Көлдүн түндүгүнө рабат курдурду жана ал капчыгайды рабаттын атынан “Таш – Рабат” деп дагы атап жүрүшөт”. Чадыр – Көл дегени капчыгайдын ары жагындагы Чатыркөлгө карата айтылган. <ref>Шоокум журналы.;№5(22) май, 2008-жыл.33-бет.</ref>
 
==Колдонулган адабияттар==
Line 10 ⟶ 20:
 
[[Категория:Кыргыз сүрөт исскуствосу]]
[[Категория:ТаажыАт-2012Башы районунун эстеликтери]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Таш-Рабат" булагынан алынды