Көбүрөөк доллар үчүн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот
(Айырма жок)

14 июнь 2017, саат 11:17 учурдагы нуска

"Көбүрөөк доллар үчүн" (итал.: Per qualche dollaro in piu, англ. For a Few Dollars More, орус. На несколько долларов больше) − 1965-жылы жарыкка чыккан италиялык "спагетти вестерн" жанрында тартылган тасма.Режиссеру Сержио Леоне, башкы каармандарды Клинт Иствуд, Ли Ван Клиф жана Жиан Мария Волонте ойногон. Экинчи пландагы терс каармандын элесин немис актеру Клаус Кински жараткан. Тасма 1967-жылы АКШда "Бир ууч доллар" тасмасынан кийинки жана "Жакшы, жаман жана чыр" тасмасына мурунку "Доллар" үчилтигинин экинчи бөлүгү катары жарыкка чыккан. Бул үч тасма Иствудду атактуу жылдызга айланткан.

Тасманын тарыхчысы Ричар Шикел Клинт Иствуддун өмүр баянында бул тасма "Бир ууч долларга" караганда көркөм жана татаал, "Жакшы, жаман жана чыр" тасмасына караганда көбүрөөк чыңалуу жаратканы жана окуялардын жыштыгы менен айырмаланат" деп баса белгилөө менен үчилтиктин эң мыктысы болоорун жазган. Режиссер Алекс Кокс Волонте Индиосун "бардык убактагы вестерндердин эң катаал бузукусу" катары мүнөздөө менен чиркөө окуясын "бардык вестерндердин "эң коркунучтуу өлүмү" деп эсептеген.

Сюжет

Тартылгандар

Шилтемелер