Геология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + + link
1-сап:
[[Файл:Ora Formation.JPG|thumb]]
'''Геология''' (гео... жана ...логия) – жер жана анын кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашуусу жөнүндөгү илимдердин комплекси. Геология эң байыртан, тоо-тек, минерал жана кен-таштар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар пайда болгондон эле белгилүү. Байыркы грек жана Рим илимпоздору (Пифагор, Аристотель, Плиний, Геродот, Страбон ж. б.) жер титирөө, жанар тоолордун атылуу жана дарыя нуктарынын өзгөрүү процесстерин байкашып, алардын пайда болушун түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, Геология илим катары туңгуч ирет орто кылымда чыгыш окумуштуулары Фараби, Бируни жана Ибн Синанын эмгектеринде калыптана баштайт. Алар айрым минералдарга, асыл жана кооз таштарга, кээ бир геологиялык тулкулар менен кубулуштарга илимий мүнөздөмө беришкен.

Европада тарыхый Геологияга тиешелүү маалыматтар 1617-кылымда [[Леонардо да Винчи|Леонардо да Винчинин]], Ж. Фракасторонун, Н. Стенонун эмгектеринде кездешет. Жазма адабиятта «Геология» деген сөздү алгачкы жолу немец епископу Р. де Бьюри 1473-ж. Кельн шаарында чыккан «Philobiblon» («Китептерге ышкы») аттуу китебинде азыркы түшүнүктөн таптакыр башкача диний мааниде пайдаланган. «Геология» терминин алгач 1603-ж. италиялык натуралист У. Альдрованди «теология» терминине карама-каршы, табиятка байланыштырып (зоология жана ботаника), «жер илими» деген терминди колдонгон. Азыркы учурдагы түшүнүккө жакындашкан мааниде «Геология» терминин 1657-ж. норвегиялык окумуштуу М. П. Эшольт колдонгон. 17-кылымдан 18-кылымдын 1-жарымына чейин «Геология» термининин ордуна «минералогия» жана «ориктогнозия» терминдери, 18-кылымдын аяк ченинен 19-кылымдын ортосуна чейин Германияда, Россияда (1920-ж. чейин), Англияда «геогнозия» деген термин колдонулуп келген. 18-кылымдын 2-жарымынан табияттаануу илимдеринин бир тармагы катары Геология өз алдынча бөлүнө баштаган. Ушул мезгилде айрым тоо тектердин келип чыгышы жөнүндө илимий түшүнүктөр пайда болуп, геологиялык кубулуштарды байкоо жолдору иштелип чыгып, көптөгөн материалдар топтолгон. 18-кылымдын ортосунда адегенде кичирээк, кийин чоң-чоң аймактардын геологиялык карталары (литологиялык-петрографиялык) түзүлө баштайт. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында тоо тек катмарларынан табылуучу ташка айланган байыркы организмдердин калдыктарын изилдөө менен жер кыртышынын салыштырмалуу жашын аныктоо мүмкүндүгү айкын болот. Ушундан баштап Геология биротоло өз алдынча илимге айланат. 19-кылымдын аягында Жердин тарыхы жана сырткы түзүлүшү жалпысынан илимий жактан далилденген. 20-кылымдын башталышында жер кыртышынын курамын, түзүлүшүн изилдөө жолдору калыптанып, Геологиянын бардык тармактарынын өнүгүшү байкалат. Геология жалпысынан бири бири менен тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт.
 
1) Жер кыртышы менен литосферанын заттык түзүлүшүн (структурасын) изилдөөчү тармакка төмөнкүлөр кирет: минералогия жаратылышта кездешүүчү туруктуу химиялык бирикмелердин (минералдардын) курамы, касиеттери, түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү жана закон ченемдүүлүктөрү, ошондой эле пайда болушу жана табигый шартта өзгөрүшү жөнүндөгү илим; петрография тоо-тектердин минералдык жана химиялык курамын, түзүлүшүн, физикалык касиеттин пайда болушун, өзгөрүшүн изилдөөчү илим; кристаллография минералдар жана алтын, платина, алмаз сыяктуу жаратылышта таза элемент түрүндө таралган кристаллдык заттардын сырткы формасы менен ички түзүлүшүн изилдөөчү илим; литология чөкмө тоо-тектердин жана учурдагы чөгүндүлөрдүн заттык курамы, түзүлүшү, таралуу закон ченеми, пайда болуу шарты, өзгөрүшү тууралуу илим.
Line 14 ⟶ 16:
 
[[Категория:Табият илимдери]]
[[Категория:Геология| ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Геология" булагынан алынды