Митоз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м blg1replsum1
Файл:Major events in mitosis.svg + wikidata fixed
 
1-сап:
[[Файл:Major events in mitosis.svg|thumb|Митоз.]]
'''Митоз ''' ([[грек тили|гр.]] mitos - жип) - түз эмес бөлүнүү, [[эукариот|эукариоттук]] клеткалардын негизги бөлүнүү жолу. М-дун [[Биология|биологиялык]] мааниси - [[генетика|генетикалык]] бирдей баалуу клеткаларды жана алардын бир катар клеткалык муундарда сакталышын камсыз кылуучу, жаш клеткалардын ортосундагы ''редупликацияланган [[хромосома|хромосомалардын]] '' бирдей бөлүштүрүлүшү. М. бир нече стадиялардан: профаза, прометафаза, метафаза, анафаза жана телофазадан турат. Булардын ичинен эң узак биринчи жана акыркы стадиялар. Профазанын мүнөздүү белгилери - хромосомалардын жыйналышы, ядрочолордун бөлүнүшү, ''[[Транскрипция (ДНК)|транскрипциянын]] ''активдүүлүгүнүн төмөндөшү (профазанын аягында [[Рибонуклеин кислоталары|РНКнын]] синтези токтойт) жана бөлүнүү түйдөгүнүн калыптанышынын башталышы. Бөлүнүү түйдөгү центриолдордун катышуусунда же аларсыз эле митоздук аппаратты пайда кылуу аркылуу келип чыгат. Прометафаза ядронун чел кабыгынын бөлүктөргө ажырашынан жана алгачкы ядронун зонасына тиешелүү клетканын борбордук бөлүгүндө хромосомалардын иретсиз кыймыл-аракетинен башталат. Жабык М-до ядронун чел кабыгы М-дун бүт жүрүшүндө сакталат. Метафазада бөлүнүү түйдөгүнүн калыптанышы аяктайт. Кыймылсыз хромосомалар экватордук эбелекти пайда кылуу менен түйдөктүн ортосунда кырка тизилишет. Интерфаза менен салыштырмалуу, [[белок|белоктун]] синтези 20-30 % төмөндөйт. Анафаза М-дун эң кыска стадиясы. Хромосомалардын түгөй (сестринские) бөлүнүүсү жана клетканын карама-каршы уюлдарына ажырашы менен мүнөздөлөт. Телофаза хромосомалардын кыймыл-аракетинин тыюлуу учурунан, жаш ядролордун жаңыдан түзүлүшү (хромосомалардын активдешүүсү жана спиралынын жандырылышы, ядролук чел кабыктын пайда болушу, ядрочолордун калыптанышы), бөлүнүү түйдөгүнүн бузулушу, энелик клетканын эки жаш клеткаларга бөлүнүшү жана Флемминг денечесинин калдыгынын (жаныбар клеткаларында) пайда болушу менен байланышкан процесстердин аягына чейин созулат. Цитотомиянын (телофазада клетканын экиге бөлүнүшү) аягында клеткаларда кийинки клеткалык циклдин G1 - мезгили менен башталуучу интерфаза башталат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
 
[[Категория: Биология]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Митоз" булагынан алынды