Фергана тоо тизмеги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м no summary specified
1-сап:
'''Фергана тоо тизмеги''' – ТеңиртооТеңир-Тоо тоо системасындагы ири кырка тоо. [[Ички Теңир-Тоо|Ички ТеңиртоонуТеңир-Тоону]] Фергана өрөөнүнөн бөлүп турат.
 
ТеңиртооТеңир-Тоо тоолорунун негизги багытынан кыйгач, түш.-чыгыштан түн.-батышты карай созулат. Түш.-чыгышындагы Сөөк ашуусу (4024 м) Торугарт ж-а Алайкуу кырка тоолорунан, түн.-батышындагы Төм.-Нарын капчыгайы Атойнок кырка тоосунан бөлүп турат. Уз. 206 км, туурасы 62 км, басымдуу бийикт. 3500–4000 м, эң бийик жери Тар суусунун алабындагы Үчсейит массивинде (4818 м). Үчсейит массивинен түн.-батышты карай басаңдап, Көгарттын алабында өтө жапыздайт (3200–3400 м). Андан ары кайрадан бийиктеп Бабашата массивинде 4427 мге (Вебер чокусу) жетет. Түш.-батыш капталы жазы ж-а терең капчыгайлар м-н тилмеленген (Терек, Кулун, Каракулжа, Жазы, Көгарт, Карүңкүр, Майлысай ж. б.). Алардын суу бөлгүчтөрү – Сөөк, Өзгөн, Серүүндөбө, Сууганташ, Бабашата тоолору ж. б. акырындап эңкейиштеп адырларга өтөт. Түн.-чыгыш капталы кыска, Арпа, Алабуга,Тогузторо өрөөндөрүнө карай тик түшөт. Четки түн.-батыш бөлүгү Бабашата, Чаак-тоодон башка Кеңкол, Исфанжайлоо, Такталык, Кочкордөбө тоолоруна ажырайт. Ф. т. т-нин – жалпы структурасы Талас – Фергана тектон. жаракасы б-ча көтөрүлгөн эң зор бир жактуу горст-антиклиналь. Негизги бүктөлүү палеозойдун аягында, герцин тоо пайда болуу процессинде жүрүп, тоо рельефин түзгөн. Кийин мезозойдо ж-а палеогенде тоолор талкаланып денудация процесси жүргөн. Неогенден башталган альп бүктөлүүсүндө мурунку структуралар б-ча тоолор кайрадан көтөрүлүп, азыркы рельефтин формалары түзүлгөн. Ф. т. т. геол. Түзүлүшүнө палеозой ж-а мезозой-кайнозой чөкмө комплекстери катышат. Палеозой комплекси түн.-батыш жагында (Бабашата, Исфан-жайлоо, Кеңкол ж. б.) кеңири тарап, кремнийлүү сланец, кумдук, акиташ теги ж-а аларды жиреп чыккан интрузия тектеринен турат. Мезозой-кайнозой комплекси болсо деңиздик-континенттик шартта пайда болгон доломит, конгломерат, чопо, кумдук чөкмө катмарлардан ж-а төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Алар Ф. т. т-нин борб., түш.-чыгыш бөлүктөрүндө ж-а түш.-батыш капталындагы бөксө тоолор м-н адырларда таралган. Неотектоникалык көтөрүлүүнүн натыйжасында ж-а төртүнчүлүк мезгилинин климаттык шартына байланыштуу плейстоценде муз каптоолор болгон. Алардын изи түн.-батыш тарабындагы төрлөрдө жакшы сакталган (тепши сымал өрөөндөр, цирктер, мореналар ж. б.). Ф. т. т-нин түш.-батыш капталында көмүр (Көкжаңгак), мунай (Майлысуу), газ кендери ж-а минералдуу булактар бар. Климаты жалпысынан континенттик, жыл ичиндеги ачык күндөрдүн узактыгы 3000–5000 саат. Батыш тараптан соккон аба массасынын таасири астында, ага жерг. тоо-өрөөндүк циркуляция кошулат. Түш.-батыш капталы субтропиктик алкак м-н чектеш келип, жайы өтө ысык.
 
Түн.-чыгыш капталы Ички ТеңиртоонунТеңир-Тоонун климатынын таасиринде; мында кышы суугураак. Абанын темп-расы бийиктик б-ча өзгөрөт [мис., Өзгөн м-н Казарманда июлдун орт. темп-расы 21–23°С болсо, тоонун кырында (3200–3500 м бийикте) 4–5°С; январдыкы тоонун этегинде –2...–3°С, кырында –20...–21°С]. Батыштан соккон нымдуу шамалга караган түш.-батыш капталдарында жаан-чачын көп (Жазы д-нын башында 1300 мм, Көгартта 900–1000 мм)жаайт. Түн.-чыгыш капталында жаан-чачын аз (Казарманда 250 мм, Түзбелде 270 мм, Арпада 290 мм) түшөт. Агын суулары Нарындын ж-а Карадарыянын алабына кирет. Ирилери: Алабуга (башы Арпа), Кара-суу (сол), Майлысуу, Карүңкүр, Көгарт, Жазы, Каракулжа ж-а Тар (оң). Ф. т.т-нде 200дөн ашык мөңгү (жалпы аянты 187,4 км2) бар. Ири көлдөрү: Кулун ж-а Карасуу. Топурак-өсүмдүктөрү ар түрдүү келип, бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Тоо этегиндеги түздүктөрдү, адырлар тилкесин (800–1200 м бийикте) шыбак-баялыш-эфемерлүү жарым чөл ээлейт. Боз топурактуу түз жерлери дээрлик айдалып, маданий ландшафтка айланган. Андан жогору (1000–1300 м) шыбак дан өсүмдүктүү кургак талаа ж-а бийик чөптүү саванна сымал талаа жайгашкан. Негизги өсүмдүктөрү бетеге, шыбак, аккылкан, көкөмерен, астрагал, аюучач, карындыз, буудайык ж-а мисте; топурагы боз ж-а күңүрт боз түстүү. Тогуз-торо жагында ушул эле бийиктикте боз топурактуу шыбак-баялыштуу аккылкандуу талаа өсүмдүктөрү таралган. Түш.-батыш капталдарынан 1200–2200 м бийиктикте бозомтук ж-а каралжын күрөң топурактуу токой аралашкан шалбаа ж-а шалбаалуу талаа тилкеси орун алган. Бул тилкеде неоген мезгилинен сакталып калган (реликт) жапайы жаңгак жемиш токою бар. Жаңгак жыгачтарына аралаш алма, акчечек, саскайың, долоно, шилби, бадам, мисте, бадалдар (итмурун, табылгы ж. б.) өсөт. Токойдогу ачык аянттарды узун чөптүү шалбаалар (жер буурчак, согон, аюучач ж. б.) ээлейт. Түн.-чыгыш капталдарында бетеге, түбү бош, ак кылкан, табылгы, ит-мурун, чие ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Кара күрөң, шалбаалуу кара топурак кеңири таралган. Жаңгак-жемиш токоюнун ири массивдери Майлысуу, Карүңкүр, Көгарт сууларынын алаптарында таралган. Шалбаа токой тилкесинин жогорку бөлүгүндө жаңгак токою айрым жерлерде ийне жалбырактуу (карагай) токойго өтөт (мис.,Кызылүңкүрдө). Түн.-чыгыш капталында арча, жапалак арча таралган. 2800–3700 м бийиктикте бадалдуу субальп ж-а кыска чөптүү альп шалбаалары орун алган. 3500–4000 мден жогору гляциалдык-нивалдыкзона жатат.