Калилова Сапарбу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м no summary specified
 
1-сап:
'''Калилова Сапарбу''' - 1947-жылы 13-январда [[Ош облусу|Ош облусунун]] Карасуу районунда туулган. 1969-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун «Эт жана эт продуктуларынын өндүрүштөгү технологиясы» адистигин бүтүргөн. 1990-жылы Москвадагы Плеханов атындагы эл чарба институтундагы менеджерлерди даярдоо борборунда окуган. Шериктештик мамлекеттеринин менеджерлер Союзунун мүчөсү болгон.
Эмгектик ишмердүүлүгү 1969-жылы ЖалалабатЖалал-Абад шаарындагы эт комбинатында экономист болуп иштөөдон башталган. Андан соң бухгалтер, колбаса цехинин башчысы, башкы технолог болуп иштеген. 1977-жылы аталган эт комбинатынын башкы инженердик кызматына көтөрүлгөн. 1986—1992-жылы Жалал-Абад облусундагы Майлуусуу, Ташкөмур, Көкжанак эт комбинаттары менен Казарман, Караван, Алабука, Токтогул союу пункттарынын башын бириктирген бирикменин директору болгон. Ал эт комбинаттарынын ишинин өркүндөшүнө чон салым кошкон. Ошол жылдары өндүрүшкө керектүү көп жайлар курулган. 1992-жылдан 2000-жылга чейин «Мөлмөл» мейманкана комплексинде директор болуп иштеди. 1995—2000-жылдарда коомдук башталышта облустук аялдар конгрессинин төрайымы болуп иштеп жүрдү. «Келечек» акционердик коомдор бирикмесине караштуу мурдагы эт комбинатынын базасына кайрадан уюштурулган «Азык» акционердик коомунда аткаруучу директор болуп эмгектенди.
 
[[Категория:Инсандар]]