Антропология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Ceylandais - Fonds Trutat - MHNT.PHa.1521.05.232.jpg
→‎Пайдаланылган адабияттар: https://books.google.ru/books?id=yP6TrXRpPdMC&printsec=frontcover&dq=cultural+anthropology+william+haviland&hl=en&sa=X&ved=0ahUKEwilv4nqvcXUAhXiIJoKHc6FA4kQ6AEIJTAA#v=onepage&q=cultural%20anthropology%
1-сап:
[[Файл:Ceylandais - Fonds Trutat - MHNT.PHa.1521.05.232.jpg|thumb]]
'''Антропология''' ([[грек]] тилинен ''anthropos'' - адам, ''logos'' - илим) - дүйнөнүн ар кайсы жеринде тарых боюнча жана азыркы күндө жашап жаткан инсан (инсан топторунун) изилдениши. Бул илим тармагы кишилерди айырмалаган жана окшоштурган ар кандай маалымат, билимди топтоп, өндүрүүгө аракет кылат. Антропологиянын төрт негизги бутагы бар, физикалык антропология кишини биологиялык организм катары карайт, бул багытта кишинин [[эволюция]]лык өнүгүүсүн колго алат, инсан түрүнүн илгертеден азыркы күнгө чейинки биологиялык өзгөрүүлөрүн изилдейт. Маданий/социалдык антропологдор болсо өткөн мезгилдердеги жана азыркы убактагы инсандардын маданиятын изилдөө менен алек болушат. Ал эми археологдор өткөн маданияттардан калган заттарды/буюмдарды/нерселерди, сөөк
'''Антропология''' ([[грек]] тилинен ''anthropos'' - адам, ''logos'' - илим) - кишинин табигый тарыхы, жаралышы, [[эволюция]]ланышы, кишинин морфологиясы жана адамзат расаларынын пайда болушу жөнүндөгү илим.
 
Колдонгон ыкмалары жагынан [[биология]]лык илимдердин тармагына кирет.<br> Бирок, адамдын социалдык өзгөчөлүгү антропологдорду тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына кайрылып, тарыхый маселелерди чечүүгө жардам кылат. А-нын тарых м-н байланышкан тармагын тарыхый А. деп аташат. Тарыхый А. айрым аймактардагы адамзаттын байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки өнүгүү тарыхын, байыркы миграциялар, расалык типтердин калыптанышын изилдейт. Адамдын баш сөөк-төрү (краниологиялык материал) аркылуу байыркы мезгилдеги калктардын миграциясы аныкталса, ошол маалымат тарыхый жазма булактар аркылуу такталышы мүмкүн. Мис., байыркы түрк доорундагы краниологиялык материалдар аркылуу Теңиртоодо жашаган калктардын [[Алтай]], [[Түштүк Сибирь]] м-н генетикалык байланышта экендиги аныкталган. Мындан тышкары, А-нын маданий А., [[этнос]]тук А., пед. А., [[популяция]]лык А., мед. А., [[экология]]лык А., палеоантропология, [[физиология]]лык А. деген тармактары да бар.