25 681
edits
м (→Колдонулган адабияттар: remove useless category) |
(+ links) |
||
Кашаада радиустар км м-н, тогошуу учурунда (1976) көрүнгөн жылдыз чоңдуктары берилген.
'''Юпитерге жана анын жандоочуларына байкоо жүргүзүү''' ар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат. Мис., радардык ж-а инфракызыл нурунун жардамы м-н байкоолордо жандоочулардын беттери муздан жана муз-зоока аралашмасынан турары аныкталган. Америкалык «Пионер-10» (1973) жана «Пионер-11» (1974) планеталар аралык станциялары менен Юпитер жана жандоочулары ж-дөгү маалыматтар такталып толукталган. Бул станциялар Ганимед жандоочусун жакын аралыктан сүрөткө тартышып, анын бетиндеги турактуу күңүрт ж-а ачык түстөгү түзүлүштөр табылган. Ио жандоочусу атм-рага, б.а. ионосферага да ээ экени аныкталган. 1979-ж. амер. «Вояджер-1» станциясы Юпитер планетасынын бетине жакын учуп өтүп, Юпитердин айланасын майда бөлүкчөлөрдөн турган жука шакек курчап турарын жана шакектин диаметри 24300 кмге, туурасы 8700 кмге, калыңдыгы 30 кмге жакын экенин аныктаган. Юпитердин тегиздиги м-н анын биринчи 5 жандоочусунун тегиздиктеринин дал келиши, бул жандоочулар планета менен бир убакта бир эле заттын коюу абалынан пайда болгонун далилдейт. Калган жандоочулар кайсы бир доордо кичине планета (астероид) болуп, кийин Юпитердин жандоочусуна айланган деп болжолдонот. Юпитердин жана анын 4 галилейлик жандоочусунун коллажын түзүү үчүн «Вояджер-1»дин Юпитерге жакын өтүп бараткандагы учур өзүнчө сүрөткө тартылып алынган (1979-ж). Масштабы эрктүү алынган, бирок алардын салыштырмалуу абалдары төмөнкүдөй: Ио (жогорку сол жактагы), [[Европа жандоочусу|Европа]] (ортодогу), Ганимед (төмөнкү сол жактагы) жана [[Каллисто]] (төмөнкү оң жактагы). Калган 12 жандоочусунун кыйла майдаларынын төртөө Ионун орбитасынын ичинде ал эми калгандары планетадан бир нече млн. километр аралыктарда айланышат (сүрөттү караңыз).
== Юпитердин ак тагы ==
== Юпитердин чоң кызыл тагы ==
==Колдонулган адабияттар==
* ''Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов.''
[[
|
edits