Канада: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м →‎Маданияты: + some links
56-сап:
 
==Маданияты==
Канаданын билим берүү системасы бирдей эмес, башталгыч жана орто билим берүү маселеси провинция бийлигинин карамагында. Ар бир провинция өзүнүн билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына (министрликке) ээ. Алардын ишин 1960-жылдан Канада билим берүү министрлер комитети (1967-жылдан билим берүү министрлер кеңеши) башкарат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 4–5 жаштан тарбияланат. Толук орто билим берүү көпчүлүк провинцияларда 12, Манитобе жана Онтариодо 13, Квебекте 11 жылга созулат да, үч баскычтан турат: башталгыч мектеп – 6 жыл (Манитобеде, [[Онтарио|Онтариодо]] – 8 жыл), жалпы орто мектеп – 3 жыл, толук орто мектеп – 3 жыл. Окутуу өлкөнүн расмий эки тилинин биринде (англис же француз) жүргүзүлөт. Өлкөдө мамлекеттик жана конфессиялык (католиктик) мектептер бар. Канадада 175ке жакын мамлекеттик жана менчик коллежде 300 миңдей окуучу окуйт. Коллеждер, коомдук, техникалык, жалпы жана кесиптик билим берүү системаларына бөлүнөт. 100гө жакын Жогорку окуу жайлары (университет, университеттик коллеждер) 1,5 млндой студент билим алат. Белгилүү окуу жайлары: Фредериктон шаарындагы Нью-Брансуик провинциясынын университети (эң эски Жогорку окуу жайы, 1785), [[Торонто]] (1827), [[Оттава]] (1848), Лаваль (1852), [[Виннипег]] (1871), [[Монреаль]] (187б) жана башка, ошондой эле консерваториялар: Торонто (1886), Монреаль (1942), [[Квебек]] (1944) жана башка Ири китепканалары: Виннипегдеги Манитоба юридикалык (1877), Оттавадагы Канада айыл чарба (1910), элдик, академиялык, университеттик, коллеждик жана башка Архивдери: Викториядагы Британдык Колумбия (1893), Виннипегдеги Манитоба (1884), Квебектеги Квебек (1920), Галифакседеги Жаңы Шотландия (1929), Эдмонтондогу Альберта (1963), Фредериктондогу Нью-Брансуик (1968) провинциялары жана башка Канадада 2 миңден ашуун музей жана тарыхый парктар бар. Музейлери: Оттавадагы Улуттук галерея, Монреалдагы Асем өнөр музейи, Торонто көркөм галереясы, Ванкувер, Виктория, Виннипег, Квебек, Калгари, Галифакс музейлери жана башка Канаданын байыркы илимий мекемеси – Оттавадагы Канада королдук коому (1882). Анын курамына Адабият жана гуманитардык илимдер, Социалдык жана гуманитардык илимдер академия илимий-изилдөө мекемелери иштейт.
 
Канадада күн сайын 100дөн ашык гезиттер чыгат (2006), анын ичинде француздук 11, калгандары англис тилинде. Канаданын эң биринчи гезити 1752-жылы Жаңы Шотландияда чыккан. Ири гезиттери: англиялык «The Toronto Star» (1892-жылдан), улуттук гезиттери: англиялык «Globe and Mail» (1844), «National Post» жана башка Алгачкы журналы «The Nova Scotia Magazine and Comprehensive Review of Literature, Politics and News» (1789–92), англисче жана французча көптөгөн журналдар чыгат. Улуттук башкы кабарлар агентчилиги – Canadian Press (1917-жылы түзүлгөн). Радио уктуруу 1930-жылдардан, телекөрсөтүү 1950-жылдардан Жалпы улуттук маалыматтык радио жана теле берүүнү «Canadian Broadcasting Corporation» корпорациясы ишке ашырат.
 
Канада адабияты англис жана француз тилдеринде өнүгүүдө. Канадада байыртадан индейлер менен эскимостордун фольклордук салты болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан журналистика өнүгө баштап, классикалык духтагы чыгармалар жарык көргөн. 19-кылымдын ортосунда романтизм кеңири жайылып, лирикалык поэзия (Ф. К. Гарно, Н. Обен, О. Ж. Кремази, П. Леме, А. Пуассон жана башка) өнүккөн. Прозада Ж. Мармет, Э. Руссо, Н. Бурасс, Л. Конан жана башка эмгектенген. Адабий монреаль мектебинин түзүлүшү (Ж. Шарбонно, Э. Неллиган) адабиятты жандандырган. 20-кылымдын 20–30-жылдарында Канада адабиятында реализмдин өнүгүшүнө Л. Эмондун «Мария Шанделен» романы нук салган, 20-кылымдын 2-жарымында роман жана повесть, ошондой эле драма өнүккөн.
 
Канаданын көркөм маданиятында жергиликтүү элдердин (индейлер менен эскимостордун), Европа жана АКШдан келген келгиндердин искусствосунун салттары сакталган. Тынч океан жээгиндеги индейлер жыгач үйлөрдү курушуп, оймо, сүрөт түшүрүп, чегүү, саймалуу кездеме токуу, жыгач жана самандан бет кеп жасоо, бугу жа багыштын жүнүнөн саймалап өрүү жана башка менен алектенишкен. Европалыктардын келиши менен Канадага Англия менен Франциянын искусствосу жайылган. 17-кылымдан француздук типтеги турак үйлөр, коомдук имараттар (госпиталдар, семинарийлер жана башка) таштан курула баштаган. 17-кылымдын ортосунда Квебекке епископ Лавалдын келиши менен Канадада чиркөөлөр (Орлеан аралында Сен-Лоран 1695; Сен-Пьер 1716; Сан-Фамий 1743—46, жана башка) салынган. 19-кылымдарда Канадада Ж. Демер, Т. Байарже жана башка архитекторлор иштеген. Англис тибиндеги имараттар 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында Дублин, Кингстон, Олд-Ирокуой шаарында таштан салына баштаган. Канаданын сүрөт өнөрүндө алгачкы ийгиликтер француздук кол өнөрчүлөрдүн ишмердиги менен байланышкан. 18-кылымдын аягында Канадада реалисттик пейзаж чеберлери (Ф. Бокур, А. Пламондон Т. Дэйвис, П. Кейн, X. Уотсон, X. Уокер, М. О. де Фуа Сюзор-Коте, М. Каллен жана башка) иштеген. 19-кылымдын 2-жарымынан анча бийик эмес үйлөрү бар түз көчөлүү жаңы шаарлар, аларда америкалык типтеги асман тиреген үйлөр пайда боло баштаган. Өнөр-жай 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын башындагы коомдук жана ишкер комплекстерге неоклассика жана неоготика мүнөздүү. 20-кылымдын 2-жарымында интернационалдык стиль кеңири жайылган [Торонтодогу Доминион-сентер (1964–71, архитектор Л. Мис ван дер Роэ) ишкана комплекси; Оттавадагы улуттук сүрөт борбору (1964–69)]. 20-кылымдын 70-жылдарынан көп функциялуу заманбап имараттар курулууда. 20-кылымда көркөм өнөрүндө шаар жана айыл пейзажы, элдик мотивге каныккан (Ж. У. Моррис, К. Ганьон), скульптура (Ф. Лоринг), графика (Э. Сетон-Томпсон), живопись (Д. Милна), пейзаж (Э. Карр), дизайн жана элдик чыгармачылык өнүгүүдө.
 
Музыка жергиликтүү калк менен келгиндердин салттык музыкасынын негизинде өнүккөн. Англисканадалыктар менен француз-канадалыктардын музыкасы бири-бирине көз каранды болбой өз алдынча өнүгүүдө. 18-кылымдан чиркөө музыкасы басымдуулук кылса, 19-кылымдан опера оюндары коюла баштаган. 19-кылымдын 2-жарымынан ири шаарларда музыка өнөрү жанданып, ышкыбоздор коому түзүлүп, натыйжада улуттук музыка калыптанган. Канадада алгачкы симфониялык оркестр «Квебек гармоникалык коому» (1819), Торонто (1845–94) жана Монреалда (1875–99) филармониялык коом пайда болгон. Өлкөдө хор маданиятынын өнүгүшүнө Монреалдын Мендельсон хору (1864–94) маанилүү роль ойногон. 19-кылымдын аягында АКШ жана Европадан билим алып, ошол жакта иштеген канадалык профессионал комп-лор, музыкантаткаруучулар (Э. Альбани, Э. Готье жана башка) дүйнөгө таанымал болгон. 19-кылымда К. Лавалле, А. Контан, Г. Кутюр жана башка, 20-кылымдын 1-жарымында «Деирдра» операсын жаратуучу – X. Уиллан, 20-кылымдын 2-жарымында профессионал композиторлор Ж. Бекуит, Н. Бикфорт, Б. Матер, К. Вивье жана башка, пианисттер: Г. Гульд, О. Питерсон жана башка, ырчылар Т. Стратас, Н. Аржента, Й. Виккерс, П. Барца, жана башка пианист жана композитор М. А. Амлен, дирижёр жана виолончелист Ш. Удре, музыка изилдөөчү И. Шартье, Т. Бейли, Т. Макжи жана башка үзүрлүү эмгектенишкен. 20-кылымдын 2-жарымында Канаданын көп шаарларында консерваториялар, симфониялык оркестрлер жана опералык театрлар ачылган. Алгачкы канадалык профессионал хор коллективи «Фестивал Сингерс» (1954). «Тафельмузик» ансамбли (1979, Торонто) дүйнөгө таанылган. Канадада көптөгөн музыкалык эл аралык конкурстар жана фестивалдар өткөрүлүп турат. 1930-жылдардын башында алгачкы балет коллективдери пайда болгон. 1951-жылы Торонтодо С. Франка Канада улуттук балетти негиздеп, кийин ири балет тобуна айланган. 1957-жылы Монреалда ири канадалык балет «Людмила Ширяеванын балети» труппасынын негизинде Канада чоң балети түзүлгөн. 1959-жылы Канада улуттук балет алдында балет мектеби ачылган. Ошондой эле «Виннипег заманбап бийчилери» (1964), Торонто бий театры (1968) жана башка бий труппалары бар. 1985-жылдан Монреалда жаңы бийлердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат.
 
Канада театр өнөрү 17-кылымдан өнүгө баштаган. 1б06-жылы Пор-Руаяль кышаарындагы «Нептун» театрында М. Лескарбонун ыр түрүндөгү «Деңиз маскасы» пьесасы коюлган. 1788-жылы Галифакс гарнизонунда өткөрүлгөн Р. Шеридандын «Ушакчылар мектеби» спектаклинде офицерлер аялдардын ролун аткарышкан. 1789-жылы Галифакста, 1820-жылы Торонтодо, 1825-ж. Монреалда, Квебекте, 1862-жылы Виктория жана Гамильтон шаарында театр курулган. Театр труппаларынын репертуарына канадалык драматургдардын (Ж. Кенель, Ч. Хевисиж, Ч. Мейр) чыгармалары кирген. 1-дүйнөлүк согушка чейин өлкөдө профессионал театрлардын көчүп жүрмө системасы кеңири тараган. 1940-жылдардын аягында ири шаарларда (Монреаль, Торонто, Оттава) профессионал театрлар иштей баштаган. Театр фестивалдары өткөрүлүп турат.
 
18-кылымдын аягында Канада аймагында америкалык цирк труппалары гастролго келишкен. 1984-жылы Монреалда Г. Лалиберте жетектеген алгачкы улуттук цирк «Сирк дю Солей» («Күн цирки») ачылып, 21-кылымдын башталышында трансулуттук корпорацияга айланган, бул циркте ар кайсы өлкөлөрдөн келген 500дөн ашык артист иштейт. 1993-жылы Квебекте Монреал цирк окуу жайынын (1981-жылы негизделген) бүтүрүүчүлөрү «Элуаз» жаштар циркин түзүшкөн.
 
Канада аймагында алгачкы фильмди 1898-жылы Т. А. Эдисондун кесиптештери тарткан. 1900-жылдары өлкөгө иммигранттарды кызыктыруу максаты менен документалдуу фильмдер тартыла баштаган. 1906-жылы Монреалда алгачкы кинотеатр ачылган. И. П. Салливен жана У. Х. Кованонун биринчи тарткан оюн фильми – «Эванжелина» (1914). 1922-жылы америкалык Р. Флаэрти эскимостордун жашоо-турмушу жөнүндө «Түндүктөгү Нанук» фильмин тарткан. 1931-жылы Канадада алгачкы «Викинг» үндүү фильми тартылган. Улуттук киноматографиянын өнүгүшүнө 1939–46-жылы Канадада иштеген англис режиссёру Ж. Грирсон чоң салым кошкон. 1943-жылы Улуттук кино кеңешинде анимация (мультипликация) секциясы негизделген. 1967-жылы кино өнүктүрүү боюнча Канада корпорациясы түзүлгөн соң, кино өндүрүшү жогорулаган. Монреал, Торонто, [[Ванкувер]] жана башка шаарында жылына Эл аралык кино фестивалдар өтөт.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Канада" булагынан алынды